Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

БАКЫТ ЗАРЛЫКОВ: ТЕЛЕОПЕРАТОРЛОРДУН ИШИ БААЛАНБАЙТ


Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын иш ташташкан операторлору жума күнү башкы директор Кыяс Молдокасымовго жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин нааразылык акциясын токтотушту. Кыяс Молдокасымов айлык көтөрүлөт, Бейшенбек Бекешовдун директор орун басарлыгынан кетээр-кетпесин президент Курманбек Бакиев чечет деген убадасын берген. Мына ушул маселелер тууралуу 22 жылдан бери телеоператор болуп иштеп келаткан Бакыт Зарлыков менен кабарчыбыз Кабыл Макеш маектешкен.

- -Бакыт мырза,сиздердин иш- аракеттериңиздер жетекчилер тарабынан бааланып жатабы?

-Телекөрсөтүүлөрдүн эң негизги жүгүн көтөргөн- операторлор. Биз бир күн кечке жүрүп тарткан материалды режиссер менен редакторлор эфирге монтаж кылып беришет. Ошентип биздин түйшүк көрүнбөй, бааланбай калат. Бизге жума сайын план келет, ошого жараша телеоператорлорду бөлүштүрөбүз. Мындан сырткары да күнүнө пландан тышкары бир нече көрсөтүүлөрду тартууга туура келет. Күнүгө түз алып көрсөтүүлөр да болот. Ошентип ишибиз көрүнбөй, бааланбай кала берет.

-Сиздер менен кошо көрсөтүүлөрду тартууга режиссер, үн оператор, жарык берүүчүлөр дагы чыгышабы?

-Биз ушул маселени көп көтөрдүк. Жанагы чыр-чатактын бир себеби да ушул жагдай. Биздин жетекчилер деле билсе да унчукпай жүрүшөт. Дүйнөлүк тажрыйбада көрсөтүүнү тартуу үчүн бир нече адистер кошо жүрөт. Биз көтөрүп жүргөн камераны тейлөө үчүн өзүнчө инженердик топ жүрүүсү шарт. Биз операторлор кадрдын сапаты үчүн гана жооп беришибиз керек. Бизде андай эмес телеоператор режиссердун, жарык берүүчүнүн, үн оператордун, телеинженердин дагы кызматтарын аткарабыз. Бир киши беш-алты кишинин жумуштарын аткарып жүрсөк дагы биздин ишке ыраазы болушпай, булардын иши жеңил деген сөздөрдү айтып жүрүшөт.

- Сиздер көрсөтүүнү тартууга чыгаардын алдында берүүнүн сценарийин колуңарга карматып, муну- тигини тартасың деп кеп- кеңеш беришеби?

-Андайлар бирин эле. Мурдакы эски кызматкерлер гана жооптуу мамиле жасабаса учурдагы жаштар сценарий эмес, эмнени тартаарын өздөрү да билбей барышат. Биз да сокурдай болуп, эмнени тартууну ошол жерден гана билип, кырдаалдан эптеп чыгабыз.
Бейшенбек Бекешов менен болгон чогулушта дагы ушул маселе боюнча өз пикирибизди билдирсек, “Эмне ошого акылыңар жетип калдыбы? Силердин да мээнер иштейби? деп кайра бизди шылдыңдап жатпайбы!

-Сиздерди 15 миң доллардык камераны талкалап, жоготкон, ошону төлөөбөй коюу амалы менен иш таштоону уюштурган деп айтышууда. Буга эмне дейсиз?

- Ооба, иш учурунда бир камера түшүп кетип сынганы чын. Ойноп жүрүп же өз жумушун кылып жүрүп түшүрүп сындырган эмес. Иш учурунда кырсык болуп, колдон түшүп кетип талкаланган. Дагы айтып койгонум оң, ал камера 15 миң долларлык эмес, 2-3 миң долларлык гана Кытайдын өндүрүшүнөн жасалган камера болчу. Ал түгүл операторлор олтурган бөлмөгө бир телевизорду беш жылдан бери сурап ала албай койдук. Себеби, телеоператор Орусиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдун теле көрсөтүүлөрүн көрүп, алардын иштөө ыкмаларын билип, үйрөнүүсү зарыл. Телеоператорлук кесип күлүк таптагандай эле кеп. Жылдап олтуруп тажрыйба топтолуп анык чебер адис болот. Камера кармагандын баары эле теле оператор боло албайт.

Биздин теле көрсөтүүлөр ушундай мамиледен улам аксап, начар болуп жатат. “Көчөдөн алып келип койом, көчөдөн эле сүйлөтөм” деген мамиледен улам ушундай башаламандык болууда.

-Кыргыз теле көрсөтүүлөрдөгү эң негизги өксүк эмнеде деп ойлойсуз?

- Бизде эң негизги маселе-чыныгы реформа жок. Реформа десе эле жетекчилер төмөндөн башташат, негизинен реформаны чоңдор өздөрүнөн баштоо зарыл. Бүгүн бул жакта, эртең башка жакта иштейсиң деп бөлүп койгондон реформа болбойт.
Телекомпанияны реформалоо боюнча өз сунуштарыбызды жазып жетекчилерге киргиздик.

-Иш таштоого чыкканда сиздерди колдоого алган айрым кызматкерлер болдубу?

- Ооба, бизди көп кызматкерлер колдоду. Айрымдары ачык колдобосо да өз көз караштарын билдирди. Кимдин кимдигин билип алдык. Айлык акылар боюнча көбү колдоого алышты.

- Жетекчилер менен жолугушууда айрым талаптарыңар аткарылдыбы?

- Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын иш таштоого чыккан 25 телеоператору башкы директор Кыяс Молдокасымов менен жума күнү жолугушуп, сүйлөшүүлөргө баргандан кийин акцияны токтоттук. Себеби МТРКнын жетекчиси айлык акыларыбызды жогорулатууга сөз берип, реформалоо тобуна телеоператорлордон мени жана Улукбек Макешовду мүчө кылып кошту. Башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешовдун кызматтан кетиши боюнча маселени өлкө президенти Курманбек Бакиев чечээрин Кыяс Молдокасымов айтты. “ Бейшенбек Бекешов маалымат каражаттары аркылуу телеоператорлордон кечирим сурасын” деген пикирди телеоператорлор айтышкан эле. Бейшенбек Бекешов бизден кечирим сурады.

Бул иш таштоо акциясын саясый маселеге айландырууга аракет кылгандар да болду. Биз муну өндүрүштүк ички маселе деп, кыргызстандык теле көрүүчүлөрдун кызыкчылыктарын эске алып, ишембиден баштап иштей баштадык.

XS
SM
MD
LG