Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ТАЖИКСТАНДА АЧАРЧЫЛЫККА ДУУШАР БОЛГОН КАЛКТЫН САНЫ 60 ПАЙЫЗДАН АШЫК


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл-чарба боюнча агенттиги 30-октябрда дүйнө калкын тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча аракеттердин жыйынтыктары боюнча атайын отчет чыгарды.

Мындан он жыл мурда, 1996-жылы Бириккен Улуттар атайын дүйнөлүк бийик жолугушуу өткөрүп, дүйнө калкы арасындагы ачарчылыкты келерки жылдарда кеминде эки эсеге азайтуу максатын койгон. Уюмдун Азык-түлүк жана айыл-чарба боюнча агенттиги азыр Рим шаарында ал аракеттердин жыйынтыктарын талкуулаган жыйын өткөрүүдө жана 30-октябрда атайын отчет жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, 10 жыл ичинде көрүлгөн аракеттер мурда коюлган максаттарга жеткирген жок, бирок айрым өлкөлөрдө жетишкендиктер бар.

Агенттиктин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча комитетинин төрайымы Маргарита Флорес 29-октябрда "Азаттыктын" кабарчысы Жеффри Донован менен маектешкенде, маселе өтө оор экени тууралуу билдирди: "Абдан көп жана татаал маселелер чыгууда. Ачарчылыкка каршы күрөш биз мурда ойлогондой жетишкендикке алып келген жок. Биз азыркы жыйында талкуулаган негизги маселе ушул. Алдыда кандай максаттар турганы жана эмне аракеттер көрүлүш керек экени жөнүндө дагы пикир алмашабыз жана биздин Агенттиктин колдоосу менен ар башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү кандай чара көрүш керек экени, алар эмне үчүн ар башка жыйынтык алып келип жатканы да талкууга салынат", - дейт Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл-чарба агенттигинин комитет башчысы

Агенттик чыгарган отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, айрым мамлекеттерде бир топ оң жылыштар бар. Мисал үчүн, Азербайжандын 7 миллион 700 миң калкынын үчтөн бири 1990-жылдардын башында ачарчылыкта жашаган, азыр ал көрсөткүч 10 пайызга барабар. Грузиядагы ачка адамдардын саны андан да көп болчу - 44 пайыз, азыркы сан 13 пайызга чейин төмөндөдү.
Кыргызстанда мндан 15 жыл мурда жалпы калктын бештен бири жетиштүү тамакка жетчү эмес, азыр андай адамдардын саны, отчетто айтылгандай, 4 гана пайыз.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен ачарчылыкты азайтуу боюнча эң көп аракет Арменияда жасалган - 1990-жылдардын башында өлкө калкынын 52 пайызы жетиштүү тамак иче албай жашаган, 15 жылдын ичинде алардын саны дээрлик эки эсеге кыскартылды, бирок азыркы көрсөткүч - 29 пайыз - дагы эле жогору.

Айрым башка өлкөлөр, мисал үчүн Латвия, Орусия жана Түркмөнстанда дагы жылыштар бар, бирок аракеттер улантылууга тийиш. Орусиядагы ачка адамдардын саны мандын 15 жыл мурда жалпы калктын 4 пайызын түзгөн, азыр ал көрсөткүч 3 пайызга барабар.

Бирок Молдова, Өзбекстан жана Тажикстандагы абал өтө опурталдуу, ачка адамдардын саны бул жумурияттарда өсүп баратат. 1990-жылдардын башында Тажикстанда ачка калгандардын саны кошуна Кыргызстандагыдай 22 пайыз болчу, азыр болсо алардын саны 61 пайызга чейин жогорулады.

Өзбекстандагы абал 15 жыл мурда салыштырмалуу жакшы болчу - калктын 8 пайызы ачка деп эсептелчү, азыр алардын саны 26 пайызга жетти. Молдовадагы көрсөткүч болсо 15 жылдын ичинде 5 пайыздан 11 пайызга чейин көтөрүлдү.

Агенттиктин эксперттеринин пикиринде, ачарчылыкты азайтуу үчүн башка жалпы чаралар менен кошо айыл чарба өндүрүшүн өстүрүү өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG