Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:10

ОРУСИЯДАГЫ УЛУТЧУЛДУК КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык "Ньюсуик" журналынын жазышынча, акыркы мезгилде Орусияда улутчулдук маанай күчөп баратат жана ага президент Путиндин жалпы саясаты белгилүү ченемде негиз түзүүдө. Ал эми ишкер жана саясатчы Ирина Хакамаданын айтымында, өлкөдөгү улутчулдук маанай - мунай экспортунан эбегейсиз байлык түшүп жаткан мезгилге туш келди, мындай абалда калкка бийликтин кандай болбосун саясаты жагат.

4-ноябрда Орусияда Улуттук биримдик күнү белгиленет жана ал күнү "Орусия орустар үчүн!" деген ураан менен бир топ улутчул уюм көчөгө чыгаары күтүлүүдө. Алардын арасында "Мыйзамсыз иммиграцияга каршы кыймыл" деген жаңы түзүлгөн уюм дагы болот. Анын жетекчиси Александр Белов - бардык келгиндер Орусиядан кууп чыгарылыш керек деп маалымат каражаттары аркылуу ачык айтат. Анын пикиринде, мисал үчүн, тажиктер Орусияга маң заттарын алып келип, орус жигиттерин бузуп жатат, орус кыздарын зордуктап, аларга оору жугузууда, ошондуктан алардан өлкөгө эч пайда жок.

Жакында Белов - Мамлекеттик думанын депутаты Андрей Савельевдин жардамчысы болуп дайындалды. Савельев өзү "Родина" деп аталган улутчул фракцияга кирет жана депутаттын өзүнүн айтымында, аны коопсуздук кызматтары колдойт.

Америкалык "Ньюсуик" журналы 6-ноябрда чыга турган санында жазып жатканга караганда, мындай абалда кеңири эл арасындагы улутчулдук күчөй турганын гана күтүш керек жана чындап эле ошондой болуп жатат. Улутчулдук Орусияда мурда деле күчтүү болчу, бирок президенттикке Владимир Путин келгенден кийин ого бетер күчөдү. Сентябрдын аягында Грузияда төрт орусиялык аскер тыңчылык кылганы үчүн кармалгандан кийин болсо президент Путин баш болуп аттуу-баштуу саясатчылар Грузияны "бандит мамлекет" жана ал "мамлекеттик деңгээлде террорчулукту колдойт" деп айтып чыкты.

Натыйжада орус бийлиги өлкөдө жашаган грузиндердин ишкаларын биринин артынан бирин текшерүүгө алып, аларды Орусиядан кууп чыгара баштады. Президент Путин болсо андай аракеттер мыйзам чегинен чыкпаш керек деп билдиргени менен, аларды колдоого алды жана андай кууп чыгуу саясаты жалаң эле грузиндерге каршы багытталган эмес экенин баса белгиледи:

"Кайсы бир жумурияттын 15 миң 300 жараны өлкөдөн чыгарылды, башка жумурияттан келген 13 миң 400 адам айдалды, Грузиядан келип, куулуп чыккандардын саны болсо беш гана миң. Айырмасы барбы? Ошондуктан жалаң эле бир улуттун өкүлдөрү кууп чыгарылып жатат деген калп. Мындай аракеттер улантылыш керек. Элди жумуш менен камсыз кылуу ишинде жана соода тармагында эң биринчи кезекте жергиликтүү орус калктын кызыкчылыктары сөзсүз түрдө корголууга тийиш", - деп айтты Путин 25-октябрда.

Атактуу жазуучу Александр Гельмандын уулу, өзү белгилүү саясат таануучу Марат Гельманды жакында Маскөөдө белгисиз адамдар катуу сабап кетти. Мараттын өз галереясы бар жана ал бир грузиялык сүрөтчүнүн көргөзмөсүн уюштурган. Мараттын өзүнүн айтымында, ага кол салуу дал ошону менен байланыштуу болгон. Алар жөнөкөй хулигандар же каракчылдар эмес болчу, алар адам сабоо боюнча жогорку адистер экен дейт Марат "Ньюсуикке" берген интервьюсунда.

Марат Гельманга каршы көрүлгөн аракетти сындап чыккан белгилүү өнөр таануусу Александр Панов болсо бир нече күндөн кийин өзү да катуу сабалды. Мындай абалда жогорку деңгээлдеги саясатчылар айткан ар бир сөз карапайым калк ичинде кеңири колдоого алынат жана эл арасында - келгиндер менен аларга колдоо көрсөткөндөрдү сабап жатканыбыз туура деген пикир тамыр бере баштайт, дейт "Ньюсуик".

Белгилүү ишкер жана саясатчы Ирина Хакамада жакында Прага шаарында өткөн Форумга келгенде болсо, улутчулдук маанай Орусияда - мунай экспортунан казынага эбегейсиз каражат түшүп жаткан мезгилге туш келгенин өзгөчө белгиледи. Аны менен байланыштуу элдин турмушу жалпысынан жакшырып бараткандыктан, бийликтин демократияны кыскартып, адам укуктарын тебелеп жатканына калк унчукпастан макул болууда дейт Хакамада.

XS
SM
MD
LG