Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 14:12

“АЛТЫН КАЗЫНА” КИТЕП АЛЬБОМУНУН БЕТ АЧААРЫ БОЛОТ


Бул альбом Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде аталган музейдин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналып чыгарылган.

Түркиянын мамлекеттик басмаканасынан 1200 нускада чыккан бул китеп альбомго музейдеги көркөм сүрөт, графика, айкелчилик, кол өнөрчүлүк бөлүмүнөн тандалып алынган эң мыкты деген эмгектер киргизилген. Жалпысынан 418 чыгарма чагылдырылган. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинин жетекчиси Майрам Юсупова он жылдан бери бул эмгекти чыгарууну ниет кылып келгенбиз дейт.

-Биздин музейде буга чейин Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейи деген альбом чыгыптыр, бирок ал эмгек азыр эч жерде жок. Мен ушул музейге жетекчи болуп 96-жылы келдим. Ошондон тарта эле музейдин кызматкерлери менен ушул альбомду чыгаралы деп аракеттендик. Бул альбомду чыгарууда финансы жагынан көптөгөн кыйынчылыктар болду. Мамлекеттин дагы каржылаганга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан ар кайсы эл аралык уюмдарга кайрылып, алдын ала сатууну уюштурдук. Бул нерсени чет өлкөлүктөр жакшы түшүнөт экен, алар аз да болсо келечекте жарык көрчү альбомду сатып алышты.

Жалпысынан 418 чыгарма киргизилип кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылган бул эмгектин бет ачар аземи бүгүн Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде саат төрттө болот. Ага маданият министрлигинин, элчиликтердин өкүлдөрү катышмакчы. Майрам Юсупованын айтымында кеченин алкагында китеп альбомду чыгарууга көмөк көрсөткөндөргө дипломдор тапшырылат.Бул кече Мукаш Абдраев атындагы балдар ансамблинин жана Чүй камералык оркестринин концерти менен коштолот. Иш-чарада ошондой эле “Алтын казына” альбому сатыкка чыгарылат. Баасы 2800 сомду түзгөн бул альбом тууралуу белгилүү көркөм өнөр таануучу Сарман Асанбеков мындай деди.

-Бул альбомдо чагылдырылган мыкты-мыкты чыгармаларды көргөзүү менен музейди даңазалоо менен өзүбүздүн маданий мүмкүнчүлүгүбүздү, артыкчылыгыбызды пропагандалай алабыз.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG