Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

АТА МЕКЕНЧИЛЕР БИЙЛИКТИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШАТ


«Ата мекен» партиясынын Базаркоргон районундагы штабына Жалалабат облусунун 2 миңдей өкүлү «Реформа үчүн» кыймылынын митингине катышаарын билдирген. 30-октябрда партиянын эки жүздөн ашык мүчөсү бийликтин отставкасын талап кылмак болуп, Бишкекти көздөй жолго чыкты. Алардын пикиринде март ыңкылабынан кийин өлкөдө эл күткөн өзгөрүү боло элек. “Эмгек жана биримдик” партиясынын облустагы өкүлү алардын талабына кошулган жок. Митинг өткөрүүчүлөр жана ага бараткандар өлкөнүн тынчтыгын ойлобой жатышат. Митинг акча таркатуу аркылуу уюштурулаарын губернатор Искендер Айдаралиев да белгиледи.

«Ата Мекен» партиясынын Базаркоргон районунан Бишкекке бараткан мүчөлөрү 2-ноябрда болчу митингде бийликтин отставкасын талап кылышмакчы. Партиянын облустагы төрагасы Эргеш Садиров «Реформа үчүн» кыймылы өткөрөөр саясий акцияга катышууну калагандар уюмдун кеңсесине көп кайрылып жатканын билдирди:

- Чоң масштабдуу митингге Аксы, Алабука, Ноокен, Базаркоргон, Жалалабат шаарынан 2 миңдей адам жөнөп кетти. Адамдардын көрүп тургандай аягы үзүлбөй, биздин облустук офиске эртең менентен топтолуп атышат. Бийлик өзүнүн милдетин, айткан убадаларын аткара алган жок. Биз "Реформа үчүн" кыймылын толук колдойбуз, бийликтин отставкасын талап кылабыз.

Уулкан Абдрасулова митингге өз ыктыяры менен баратат. Анын баамында бийлик коррупцияны ооздуктай алган жок:

- Көз боегон коррупция жок болсо. Мени бирөө жетелебейт, өз каалоом менен катышам. Себеби мен балдарымдын келечеги үчүн күрөшөм булар менен.

Өлкө борборуна сапар алгандардын катарында коммунисттик партиянын өкүлдөрү да бар. Аталган партиянын мүчөсү Турдубай Кочкоровдун көз карашында оппозиция буга чейин койгон талаптардан бийлик жетиштүү жыйынтык чыгара албай, катаал кырдалга туш кылды. Ал бейшемби күнү боло турган митингде сөз тийип калса,президентке депутат Ө.Текебаевдин маңзат чатагына байланыштуу иштин абалы тууралу суроо бермекчи:

- Өздөрүнүн жандарынан акча топтошуп, келечекте тынчтык болсун деп, республиканын экономикасын өнүктүрөлү деген жакшы ниеттер менен кетип атышат. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин наамына кээ бир уюштурулган бийлик ээлеринин туура эмес жасаган мамилелерине. Өзүңөр героин салып, ал жигитти кыйнаганын жакшы билесиңер. Ушул деле эмдигиче табылбай жатат. Митингде ушул боюнча чечкиндүү маселе коеюн деп жатам.

«Ата мекен» партиясынын жоптуу катчысы Асылбек Текебаевдин болжоосу боюнча митинг узак болот. Акция президент К.Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Кулов кызматтан кеткиче улантылат:

- Бул митингди мөөнөтсүз деп тапканбыз. Өзүбүздүн коюлган талаптар аткарылмайынча бул митингде таркабайбыз. Митингдин негизги талаптары, азыркы бийлик, тандем отставкага кетсин.

Партия мүчөсү Аптоокан Бектемирова өлкөдө экс-президент А.Акаев кеткенден башка өзгөрүүлөрдү байкай элек. Казыналык кызматкерлердин айлыгына кошумча болуп жатканы жана балдарга бир маал тамак берүү маселеси, анын пикиринде, мурда эле чечилген:

- Акаевдин эле убагындагы иштер болуп атат. Аты эле өзгөрүп калбаса, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ал эми Бакиев мен өзгөртүп ийдим, балдарга тамак берип атабыз, айлыкты көбөйтүп атабыз деп айтып атат. Ал мурдатан чечилип калган маселе экен.

Оппозициячыл маанайдагы адамдардын жүйөөсү менен облустагы айрым жарандар макул эмес. «Эмгек жана Биримдик» партиясынын облустагы өкүлү Абдымалик Бектемировдун оюнда митингди трайбалисттик маанайдагы оппозициячыл 4-5 саясатчы атайын уюштурууда. Борбор шаарда митинг өткөрүүнүн жана президент К.Бакиев менен өкмөт башчы Ф.Куловду кызматтан кетирүүнүн негизи жок. «Саясий акцияны уюштуруучулар өлкөнүн тынчтыгына доо кетирерин ойлобой жатышат», - деп эсептейт Бектемиров:

- Бул жерде бийликке трайбалисттик көз караш менен караган адамдардын гана уюштуруп аткан нерсеси. Эптеп Кулов менен Бакиевди эки башка кылып алсак, бир тарабы үңкүрсүз болуп калат, бийликти эртерек кулатабыз деген ниетте кылып атышат. Муну 4-5 адам гана кылып атат.

Губернатор Искендер Айдаралиевдин пикири боюнча митинг катышуучулары көбүнчө акчага сатылууда:

- Эгерде мен патриот болуп, ошол оппозициянын программалары жакса ал жерде мен күндөп-түндөп жатышым керек. Бизде тескери болуп атат. Алар сүйлөшүп, акча берип, анан аянтка чыккыла деп атышат. Эл деген сознательно чыгыш керек, менин оюм ушундай.

XS
SM
MD
LG