Кечээ Марокконун борбору Рабат шаарында өзөктүк террорчулукту алдын алуу боюнча эл аралык конференция башталды. Жыйынга катышып жаткан Британия,Кытай, Россия, АКШ, Франция, Австралия, Германия, Италия, Казакстан , Канада, Түркия жана Жапония мамлекеттери террорчуларга өзөктүк материалдарды алууга жол бербөө боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгышууда. Аталган форум Россия жана АКШ президенттеринин демилгеси менен өтүп жатат.