Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Европа комиссиясы Сербиянын жаңы баш мыйзамын “карама-каршылыктуу документ” деп атады


Европа биримдигинин жетекчилиги Сербияда жекшембиде өткөн референдумда кабыл алынган жаңы баш мыйзамды “карама-каршылыктуу документ” деп атады. Европа комиссиясы Конституцияда Косово аймагы Сербиянын ажырагыс бөлүгү деп жазылган беренесине терс көз карашын билдирип, Косовонун калкынын 90 пайыздайын түзгөн албандар референдумга катышпаганын белгиледи. АКШ да Сербиянын кабыл алган баш мыйзамындагы Косовонун статусуна байланыштуу беренесин орунсуз деп тапты. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормактын айтымында, Косово аймагынын келечектеги статусун БУУнун коопсудук кеңешинин резолюциясы аныкташ керек.

XS
SM
MD
LG