Качан бирдеме болсо эле «Түндүк-Түштүк- куштун эки канаты» деп короздонгонду жакшы көрөбүз. Мына, ошол Кыргызстан бир жарым жылдан бери канат-куйругу жулмаланып учалбай турат. Эгер К.Бакиев ошончолук эле эр жүрөк болсо, анда Ф.Куловду кетирип, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Ошондо Кулову жок аны элдин канча пайызы колдоору белгилүү болот, болбосо тандем талашы эч качан бүтпөйт, дейт «Кыргыз руху» бүгүнкү санында.
Гезит дагы бир маселеге, бир жылга жакын убакыттан бери чуусу «Чубактын кунундай» чубалып келаткан Улуттук университеттеги ректор талашка кайрылып, аталган окуу жай ректорунун милдетин аткарып келаткан Ырысбек Өмүрканов президент К.Бакиевдин жакын досу болорун, аны ал өзү айтып жүргөнүн, ушу тапта аталган окуу жайы башаламандыктын азабын тартып атканын, университеттин кызматкерлери 2-ноябрдагы митингке чыгып, билим берүү жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун иштен кетишин талап кылышарын жазды.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгон 15 жыл ичинде күтүүсүз революциядан да, саясый тирешүүдөн да, байлык талаш менен жер баскынчылыгынан да, митингден да жабырланбай тургандай айла табалган жок, коомчулук кайрадан бөлүнүп-жарылганга өтүп алды. Бир кезде «улуу депрессия» учурунда Америка да ушундай болгон, бирок ал элдин Рузвельти болгон, тилекке каршы бизде калайык-калктын башын бириктире турган Рузвельттей лидер жок, атаганат, ушул кылчайнаш кырдаалдан чыгып кетүү үчүн акыл-эс жетээр бекен, деп жазды бүгүнкү баш макаласында «МСН» гезити.
«Жаңы Ордо» гезити «бизге 2-революциянын зарылдыгы барбы?» деп бир катар жарандарга суроо салган.
Эл артиси Тууганбай Абдиев:"Элди удургутпай, конторунда олтуруп эле ымалага келишип чечишсе".
экс-депутат Бейше Акунов:"Мен митингди уюштурганга каршымын. Ал эми экономикалык жактан маселе чечилбесе да, кадр маселесин чечип койсо болмок.
УТРК баяндамачысы Эрнис Кыязов:"Мыйзам боюнча президент өз мөөнөтүн өтөш керек, маселе кыйкырууда эмес.
Жазуучу Байас Турал:"Кадрды Акаев мезгилиндеги шылуундардан издебей, ортоңку жаш муундун катарынан издөө керек.
Улуттук коопсуздук кызматынын полковниги Талант Разаков:"Элди Түндүк-Түштүккө бөлүшпөсүн. Оппозиция кыйын болсо кийинки шайлоодо жеңишке жетүүгө аракет кылышсын. Бул баягы бай-манаптардан калган сасык идея.
«Агым» гезити «Реформа үчүн» кыймылынын координатору Өмүрбек Абдракмановдон:Сиз убактылуу четке чыгып кеткенде ишканаларыңызды финансы, салык органдары басып калышты, муну кандайча түшүндүрөр элеңиз?-деп сураганда ал:"Баягыда Бакиевге киргенимде ал мени өзү тарапка өтөт деп ойлогон. Менин «өтпөйм» деген жообумду уккан соң казып киришти. Текшерүүчүлөрдөн сурасам, арыз түштү дейт, көрсөткүлө десем көрсөтүшпөйт. Азыркы бийликтин максаты-өндүрүштү өлтүрүш. Бирок, ишкердүүлүктү өлтүрөм, жок кылам деген адам жакында өзү жок болушу мүмкүн",-деп жооп берген.
Ушул эле «Агым» Ош менен Жалал-Абаддан кошумча күч катары Бишкекке милийса кызматкерлери түшүрүлө баштаганын, күч органдары элге каршы куралдын түрлөрүн: «Черемуха» газын, сууаткычты, кулак тундургуч гранатаны, желим ок менен кошо эле кадимки согуш огун камдап, Бишкектин ооруканалары бошотулуп, жарадарларды кабыл алганга даярдалып жатканын жазды. Гезит УТРКнын «Кабар» маалымат редакциясынын иштен бошоп калган продюсери К.Тайтекеевдин ойлоруна да орун берген. Анын эмне себептен бошотулганын сураган.
-Балээнин баары редакцияга Анаш Кадырова жетекчи болуп келгенден башталды.Ал киши келип эле «Бекназаровду мочи, Текебаевди мочи» дей баштады.
-А эмне үчүн Кыяс Молдокасымовго айткан жоксуз?
- Айтмак түгүл тилим тешилди. Ал да Кадыровага кошулуп менден жамандык издей баштады. КТРдын жамааты башынан шору кетпеген эл. Бийлиги деле, оппозициясы деле КТРга асылат,-деп жооп берген.
«Эркин тоо» гезити атактуу акын Сүйүнбай Эралиевге «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наам ыйгарылгандыгын жар салды. Ошентип азыркы доор баатырларынын саны Кыргызстанда 12ге жетти. Кыргыз адабиятынын классиги, айтылуу эл акыны Сүйүнбай Эралиевди «Азаттык» үналгысынын жамааты да сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачылык ийгилик, узак өмүр каалайт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ