Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

БОЛОТ БАЙКОЖОЕВ: КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЛДАП КЕТТИ


- Болот мырза, кечээ президент Курманбек Бакиев парламентке барып сөз сүйлөдү. Сиздер күткөндөй пикир айттыбы?

-Кечээ президенттен олуттуу сөз күткөн элем. Саясый кырдаал курчуп турганда элдин талаптарын эске алып, би жыйынтыктуу чечимдерге келгенин билдирет го деп ойлогом. Парламенттеги сөзүн угуп алып абдан капа болдум. Жыйынтыктуу эч нерсе айткан жок. Кайра 4- 5 депутат элди дүрбөтүп жатат деп коркутуп, үркүткөнү менен коомчулуктун кыжырын келтирди. “Депутаттык кол тийбестигиңер сактай албайт, каматам, кылмыш жоопкерчилигине тарттырам” дегенин кандай түшүнсө болот. Өзү эле кол тийбестикке жамынып, элден коркуп, берген убадаларын аткарбай жүрбөйбү?

Калп айтууну, элди алдоону өнөр кылып алды. Чындыкты бетке айткан жанагы 5-6 депутаттар чыныгы реформаторлор, элдин эртеңин ойлогон эр азаматтар. Алар эмне жалган айтып жатыптырбы!? Президенттин айткан убадаларын эске салып, системаны өзгөртөлү деп жатышат. Бул системаны өзгөртпөйүнчө Акаевби, Бакиевби, Чотбаевби кимиси бийликке келсе деле ушундай көрүнүш улана берет.

Курманбек Бакиев бийликтен кетмейинче, кыргыз эли жыргабайт, учурда ал элдин шору болуп турат. Парламентте Муратбек Мукашев Жалалабаттагы банктын тонолушу боюнча күнөөкөр деп Жаныш Бакиевди айтты. “Матрешка” оюнун уюштурган, учурда оппозицияны кантип кылтакка илебиз деп күнү- түнү аңдуу жүргүзүп, шылтоо издеп жаткан укук коргоо органдарын башкарып турган иниси Жаныштын кылмышы далилденсе да бул маселе да аягына чыкпай келет. Бул да чо-оң суроо болуп турат.

- Болот мырза, 2-ноябрда өтө турган митингге карата айрым бейөкмөт уюмдар, партия лидерлери "Кыргызстан коркунучтуу саясый абалда турат" деп билдирүү таратууда. Сиз буга кандай дээр элеңиз?

- Туура. Эми ошол мезгилге кайрылып, салыштырып көрөлүчү. 24-марттагы окуя эмне үчүн болуп кетти? Акаев Конституцияны фальсификациялап, өзүнө буруп, аягында үйбүлөсү парламенттик шайлоодо каалагандай чалчактап, ыплас технологияларды колдонуп, элдин үнүн тебелеп-тепсеп, нелерди гана жасаган жок. Аягында эл чыдабады. Бир адамдын колуна топтолгон бийлик чынжырын үздү, Акаевдин бийлигин кулатты. Ал окуя элдик бийликтин жеңиши аталып, журт башына Курманбек Бакиевди алып келдик эле. Ошондо Аскар Акаевдин бийлигинин каталыктарын кайталабайм деп жанталашкан Бакиевдин эң негизги убадасы эмне болгон. Эң биринчи кезекте, президент болгондон 10 күн өтпөй, "Акаев жасап алган Конституцияны жоем. Баш мыйзамга реформа жасайм" деген. Анан эмне болду, бийликке келгенден кийин ал убадасын унутту. Баягыдай эле үйбүлөлүк, жердешчилик саясат мурдагыдан да күчөдү. Азыр Акүйдө Акаев жок болгону менен, анын жан-жөөкөрлөрүн Курманбек Бакиев кайра өзүнө чогултуп алып, ошонун командасы менен иштеп жатат. "Айткандарың кана, аткарбайсыңбы?" дегендерди жана жаңы бийликти Бакиев менен бирге алып келгендерди "сокур" деп атат. Эл дагы алданды. Ошон үчүн бүгүн нааразычылык күчөп жатат. Учурда чынында эле саясый кырдаал курч болуп турат. Маселени чечпей эмне себептен чоюп жатат? Бакиев коркутуп- үркүтпөй эртеңки күнүн ойлоосу зарыл эле. Тарых барын өз ордуна коет. Эртеби-кечпи эл өз баасын берет.

- Президент Курманбек Бакиев өлкөнүн өнөр жайы өнүгүп, экономикалык өсүш дурус эле болуп жатат, көрбөй атасыңар деп атпайбы?

- Калпты укмуш айтат экен, кайдагы өсүш? Эгер чын эле ошондой болуп жатса, кыргыз деген ыйманы бар эл, жөн эле минтип унчуга бербейт. Жанагы 4-5 сокур деген саясатчылар туура эмес сүйлөсө, алардын сөзүн укмак да эмес. Өсүп баратабыз деген статистикасынын бүт баары тең жалган. Инфляцияны көрсөтүп жатат 4 пайыз деп. А чындыгында 4 эмес 40 пайызга чыгып кетти. Бул жерге высший математиканын кереги жок, жөнөкөй эле мисал. Бир жыл мурун ун, шекер, картошка, көмүр, газдын баасы канча эле? Бүгүнчү? Керек болсо мен бул жагынан жакшы билем экономиканы. Эгерде экономика боюнча мени менен талашка чыгам десе мен даярмын, баарын далилдеп, жалганын чыгарып берем. Ал базар экономикасын билбеген неме экен. Совет доорунда “кызыл директор” болгон ошонусу менен ар дайым мактанат. Анан дагы коррупция кыскарууда дегеничи. Башкасын айтпайм, бир эле мисал - энергетиканы эле алайын. 40-45 пайыз жоготуу, уурдоо болуп жатат дейт. Аны азыр баары билет. А ошол акчалар кимдин чөнтөгүнө кетип жатат? Бизден 14-15 миллиард киловатт-саат электро энергия чыгат. Аны 62 тыйындан эсептесек, жанагы 45 пайызы 6 миллиард киловатт-сааттан ашып кетет экен. Кайра 62 тыйындан көбөйткөндө 100 миллион доллар кимдин чөнтөгүнө кетип жатат? Анан келип алып менчикке бербесек болбойт дейт. Көрсө бул адамга бийлик эле керек окшойт.

- Бул киши Акаевдин учурунда кандайча премьер-министр болуп калганын жакшы биле тургандыгынызды айтып “Агым” гезитине интервью бердиңиз го?

- 2000-жылы Акаев үчүнчү мөөнөткө аттанат. Ошондо өзүнүн түздүгү менен жүргөн ал кездеги премьер-министр Амангелди Муралиевди "сен деле президенттикке коюп көрбөйсүңбү?" десем, "Жок, мен Аскар Акаевич менен сүйлөштүм. Ушул ордумда эле калам" деп болбой койду. Ошондо айткам, Акаев сени алдап кетет дегем. Ошентип Акаев үчүнчү мөөнөткө калып, Акүй Муралиевди алдап акырын артка түртүп койду, ага боорум ооруду. Ошентип айла- амал менен Курманбек Бакиев премьер-министр болуп калды. "Эч кандай парасыз ал кызматка өзүм келгем" деп жүргөн Бакиевдин кантип келгенин өзүнүн абийирине койдум. Көрсө, Акаевге так ушундай адам керек болчу. Ал Акаевдин эң үлгүлүү “мыкты” окуучусу экенин азыр далилдеп жатпайбы?!

- Силер 24-мартта Курманбек Бакиевди алып келгениңерге өкүнбөйсүздөрбү? Андан бөлөк татыктуу лидерлер жок беле?

- 2005-жылы 14-мартта Жогорку кеңешти ремонт деп жаап салып, депутаттарды киргизбей, жыйын эшик алдында болуп бүткөн соң Үсөн Сыдыковдун имаратына барып, 17 адам кол коюп "Эл биримдиги" кыймылын түздүк. Ошол жерден аталган кыймылдын башына Курманбек Бакиев келди. Эмне себептен мындай болуп калганын ошол 17 кишинин тизмесин карап, кимдер экенин дагы бир сыйра окусаңар, өзүңөр түшүнөсүңөр. Ошентип Курманбек мырза "системаны өзгөртөм" деп эркекче сөз берип, кыймылдын төрагасы болгон. Азыр ойлосом Азимбек Анаркулович айткандай, биз ошондо катуу жаңылыппыз. Биз жаш балдардай гана ишенип, алданып калыптырбыз. Бизде андан бөлөк деле татыктуу лидерлер бар болчу.

- Эми 2-ноябрда эмне болот?

- 2-ноябрда Кыргызстандын чыныгы майрамы болот. Ушундай диктатураны, автократияны жоготуш керек.Өзү акылы жетсе, эл алдына келип, алардын талаптарын уксун, эгерде ошого эрки жетсе. Тирешип туруп, элди жаманатты кылса анда күнөөнү баары Курманбек Бакиевге коюлат. Кылым карыткан кыргыз эли өз жообун берет. Убада эмне, сөз эмне экенин көрсөтөт. Сөздүн кыскасы, чыныгы лидер мындай болбош керек.

-Ушундай чындыкты бетке айтканыңар үчүн сиздерди бийлик аңдытып, коркутуп- үркүтө баштады. Учурда коркунучту сезип жатасыздарбы?

- Курманбек Бакиев өкмөт башчысы болуп турганда эле Аскар Акаев экөө биригип алып мени 2001- жылы банкымды жаап, коркутуп бүт баарын жасашкан.
Мен эми коркуудан калдым. Эми Бакиев дагы мага тийишип көрсүнчү, менде да ага каршы толгон аргумент, фактыларым бар. Ал билгенди мен да билем. Менден акылдуу адамдар турат. Ошолор Кыргызстандын келечегине тынсызданып, эртеңкини ойлоп турушат. Алардын баарын коркута албайт. Биз туура сөздү, чындыкты айтып жатабыз. Койгон маселелердин баарына жооп берсин. Парламентте сүйлөгөн сөзү жаш баланын сөзүндөй болду. Коркуткандан башка билбейт. Менин уулум, бир туугандарым таза дейт. Биз да бир нерсени билебиз. Жакында алардын “таза бизнес” кылганын, мамлекеттик мүлктөрду кантип менчиктеп алышканын ачыкка чыгарабыз.

-Сиздер Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өлкөгө салык төлөбөй жүргөнүн, ишканаларды менчиктеп алганын факты менен айтып жүрөсүздөр. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушундай фактылар болсо дароо айткыла, эртең эле кайра мамлекетке кайтарам деди. Мындан башка дагы элге белгисиз фактылар барбы?

- Мактанып жатпайбы?! Менин балам бизнесмен деп сыймыктанып жатпайбы? Эгерде баласы 5-6 жылдан бери бизнес кылса, эмне үчүн алты жылдан бери бир тыйын дагы салык төлөбөйт. Же башкалар салык төлөсө, ага атайын жеңилдик берип койгонбу? Мына жакында 25 миллион долларды Борис Березовскийдин досу Белоконь менен Латвияда бирге бизнес кылууга которду. Бул акча кайдан келген. Кантип табылган. Ушуга жооп бербейби? Жооп бере албайт. Жөн ган бет тырмаарлык кылып жатат. Мунун жообу бүгүн чыкпаса да эртең чыгат. Баары бир чындык деген чыркырап чыга келет. Дагы бир туугандардын менчиктеген мүлктөрүн ачыкка чыгарабыз.

Суроо салган Кабыл Макеш

XS
SM
MD
LG