КАР, ПАКИСТАН. Пакистандын ооган чек арасында жакын турган Кан деген жеринде каршылык көрсөтүү акциялары өттү. Миңдеген кишилер АКШ аскерлери менен Пакистан өкмөтүнүн Бажаур деген аймакта өткөргөн рейдине нааразылык билдиришти. 30-октябрда бул аймакта бомбалоодон 80 киши өлгөн. Өкмөт Ал-Кайыданын машыктыруучу лагериндеги согушкерлерди жок кылганын билдирет, бирок жергиликтүү жарандар бомбалоодон медреседе окуп аткан бейкүнөө балдар жан таслим болгондугун айтып жатышат.