Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

ПХЕНЬЯН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ КАЙТМАЙ БОЛДУ


Түндүк Корея өзүнүн атом программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайра катышканга макул болду. Муну Пекинде Пхеньяндын делегаттары менен жолугушкан Кытайдын жана АКШнын өкүлдөрү ырасташты. Сүйлөшүүлөр ушул айдын этегинде же декабрда башталышы мүмкүн.

АКШ Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларды жарыялаган соң Түндүк Корея былтыр сентябрда сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен. Өткөн айдын башталышында Пхеньян жер алдында ядролук сынак өткөрүп, анын маселеси Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралган. Азыр Пхеньянга эл аралык катаң жазана салууну сунуш кылган резолюциянын долбоору даярдалууда.

Ушул жана башка окуялар алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышына эч кандай ишеним калтырбагандай болгон эле. Бирок кечээ Пекинде Пхеньяндын делегациясы Кытайдын жана АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуп,бир жыл мурда үзүлгөн сүйлөшүүлөрдү кайра улантканга макул болду. Бул маалыматты ырастап, АКШ делегациясынын башчысы Кристофер Хилл максатка жетүү үчүн дагы узак жол басканга туура келерин белгиледи. Түндүк Кореянын сүйлөшүү үстөлүнө кайтканга макул болгону коомут толтурганы менен азырынча майрамдаганга эрте, деп айтты ал. Хилл Пхеньян бул жолу эч кандай шарт койбогонун кошумчалады. Кечээки макулдашууну ал Кытайдын аяр дипломатиясынын натыйжасы деп атады.

Вашингтондогу маалымат жыйынында бул кабарды президент Жорж Буш да жакшы апазда комментариялады. Пекиндеги жолугушууну уюштурганы жана түндүк кореялыктарды сүйлөшүүлөргө кайтып келгенге көндүргөнү үчүн Буш кытайлыктарга ыраазылык билдирди. Ошол эле учурда ал Коопсуздук кеңешине киргизилген резолюциянын кабыл алынышына жетишүү максатында Вашингтон күч -аракеттерин токтотпой турганын да бышыктады.

Пхеньяндын ядролук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөргө АКШ,Кытай,Түштүк Корея,Россия жана Япония тартылган. Алардын баары Пекинде жетишилген кечээки макулдашууга алымсынгандыгын билдиришти. Бир гана Япония сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн Пхеньяндын ядролук курал жасоону толук токтотушун талап кылды.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG