Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Укук коргоочулар Муминовдун депортацияланышына байланыштуу ФСБга кайрылды


“Жарандык кол кабыш” укуктук комитети ФСБ нын жетекчиси Николай Патрушевке ачык кат менен кайрылды. Анда өзбек жараны Рустам Муминовду депортациялоо чечимин негиздеп берүү талаптары айтылат. Муминовду депортациялабоо тууралуу соттунун чечимине карбастан, ал 24-октябрда Өзбекстанга жиберилген. Укук коргоочулардын пикиринде, Орусия адам укугун коргоо боюнча Европа конвенциясынын мүчөсү катары Муминовдун депортацияланышына жооптуу. Өзбекстанда Муминовго Анжиян окуяларына жана экстремизмге тиешеси бар деген күнөө коюлууда.

XS
SM
MD
LG