1990-жылдардын башында абхаздар менен осетиндер Тбилисиге каршы согушканда, аларга орус аскерлери колдоо көрсөткөн жана абхаз тарапта - чечен Шамил Басаев жетектеген куралдуу топ да согушкан. Натыйжада 250 миң грузин Абхазиядан жана 15 миңге жакын грузин Түштүк Осетиядан куулуп чыккан. Кыргынды токтотуу үчүн эки аймакка тең орус аскерлери киргизилген жана Бириккен Улуттар ага макулдугун берген.
Анткен менен андан бери өткөн 14 жылдын ичинде Маскөө такай Түштүк Осетия менен Абхазияга колдоо көрсөтүп, алардын калкынын дээрлик баарына орус паспортторун берди. Түзүлгөн мындай абалда бул эки жумурият кайрадан Грузия курамына кайтып келээринен көптөгөн эксперт күмөн санайт. Сербиянын курамындагы Косово автономиясы эл аралык коомчулуктун колдоосу менен жакын арада эгемендүү жумурият болоору күтүлгөн абалда Абхазия менен Түштүк Осетия дагы ошол жолду жолдоп, Маскөөнүн колдоосу менен эгемендүүлүк боюнча референдум өткөрүүгө даярданууда.
Грузиянын жаңы жетекчилиги бийликке келээри менен Ажарияга болгон көзөмөлдү калыбына келтирди, бирок Абхазия жана Түштүк Осетияга карата дагы ошондой саясат жүргүзө баштаганда, ага Маскөө катуу каршы чыкты. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын башында Грузиянын коргоо министри Ираклий Окруашвили - Жаңы 2007-жылды Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде тосо турганын жарыялады.
Мындай абалда Түштүк Осетиядагы бейпилдик үчүн жооптуу Маскөө эки тарапты элдештирүүнүн ордуна акыркы мезгилде антигрузиялык саясат жүргүзүүдө жана сентябрдын аягында Грузияда төрт орусиялык тыңчы кармалгандан кийин эки мамлекет ортосундагы мамиле ого бетер курчуду.
25-октябрда түз ободо орус телекөрүүчүлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, андай маанайды күчөтүүгө президент Владимир Путин жаңы салым кошту: "1920-жылы грузиялык аскерлер осетиндерге каршы үч куралдуу жазалоо жортуулун жасаганы эсибизде. Биздин тарыхыбыз өтө татаал, аны билип, эстен чыгарбаш керек жана өтө кылдат аракеттенүүгө тийиш", - деди орус президенти.
Анткен менен бир топ чет өлкөлүк эксперт жана өзгөчө грузиялык тарыхчылардын пикиринде, Путиндин бул сөздөрүн кылдат аракет деп атоо кыйын. Биринчиден, 1920-жылы грузиндер бир гана жортуул жасаган, эки башка чабуул 1918- жана 1919-жылдарда болгон. Экинчиден, ал жортуулдардын себеби - 1917-жылдагы революциядан кийин Грузия өзүн эгемендүү мамлекет катары жарыялаганда, большевиктер аны кайрадан Орусияга кошуу үчүн өз тарабына осетиндерди тартып, аларды бөлүп кетүү аракеттерин баштаган.
Эң кейиштүүсү - 1920-жылдын 7-майында Маскөө менен Тбилиси ортосунда келишим түзүлүп, Грузиянын эгемендүүлүгүн большевиктер толук тааныган, бирок ал келишимди бузбаган сыяктуу болуп Грузияга каршы аракет көрүү үчүн осетиндер пайдаланылган жана Тбилиси аларга каршы күч колдонгон. Кийин 1922-жылы СССР түзүлгөндө дагы Маскөөнүн талабы менен кошуна Түндүк Осетия менен кошо Грузиянын курамында Түштүк Осетия автономиясы түзүлгөн.
Грузия парламентинин вице-спикери Махаил Мачаварианинин айтымында, мындай маселелерди көтөрөөрдүн алдында Путин тарых китептерин окуп алса жакшы болмок.