Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

ИРАК СОГУШУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ПЕНТАГОН АТАЙЫН МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫН ТҮЗҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык "Ассошиэйтед пресс" маалымат агенттиги билдиргенге караганда, өлкөнүн коргоо министрлигинде атайын кызмат түзүлүүдө жана анын милдети - Ирактагы согуш тууралуу маалымат таратуу болот. Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, түзүлүп жаткан кызмат маалымат агенттиги болбойт, ал жөн гана башка кабар агенттиктерин туура жана так маалымат менен камсыз кылып турмакчы.

Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деген уюм 23-октябрда өзүнүн кезектеги отчетун чыгарды жана анда АКШ басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөдө изилденген 168 өлкөнүн ичинен 53-орунга коюлган. Мындан беш жыл мурда АКШ 17-орунда болчу, ал эми былтыркы көрсөткүч менен салыштырганда, өлкө дагы тогуз орунга ылдый түшкөн.

Уюмдун айтымында, маалымат каражаттарына карата Америкадагы абал Ирактагы согуш жана террорчулукка каршы жалпы күрөш менен байланыштуу өзгөрдү, анткени анын шылтоосу менен АКШ жетекчилиги Вашингтондун саясатын сынга алган же анын тууралыгын күмөнгө салган журналисттер менен маалымат каражаттарынан шектене башта

АКШда акыркы мезгилде өткөрүлгөн элдик сурамжылоолор көрсөткөндөй, Вашингтондун Ирактагы саясатын улам аз адам колдоого алууда жана эксперттердин пикиринде, андай коомдук пикир түзүлгөнүндө маалымат каражаттарынын салымы зор.

Коргоо министри Доналд Рамсфелд болсо Ирактагы согуш тууралуу журналисттер тараткан маалыматтар көпчүлүк учурда терс маанайда берилип жатканына нааразылыгын билдирип келет. Ошол эле учурда, министрдин маалымат катчысы Эрик Риффтин айтымында, Рамсфелд такай министрликтин өзүнүн коомдук байланыштар үчүн жооптуу кызматкерлерин дагы сындап, алар согуш тууралуу так маалымат таратууда бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонбойт деп айтат.

"Ассошиэйтед пресстин" кабарына караганда болсо, эми Пентагондо атайын жумуш тобу түзүлөт жана анын алдына үч максат коюлган. Биринчи - маалымат каражаттарында чыккан кабарларга тез жооп кайтаруу. Экинчи - белгилүү саясатчылар жана уюмдар менен байланыш түзүп, алардын маалымат каражаттары аркылуу Пентагондун пикирин таратканын камсыз кылуу. Жана үчүнчү максат - Ирактагы согуш тууралуу так маалыматтарды интернет аркылуу таратуу.

Вашингтон шаарындагы Америкалык университеттин профессору Питер Кузниктин айтымында, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШ өкмөтү менен маалымат каражаттары ортосунда жылуу мамиле жана түшүнүшүү пайда болгон, бирок акыркы жылдарда абал өзгөрө баштады. Анын айтымында, согуш маалындагы президент Франклин Рузвельт өз учурунда журналисттерге атайын кайрылып, фашисттик Алманияга каршы АКШ жүргүзүп жаткан согушту оң маанайда чагылдырууну сураган.

"Согуш учурундагы айрым окуялар тууралуу, мисал үчүн, АКШда жашаган жапондорду убактылуу жер котортуу жөнүндө маалымат каражаттарында сын айткан анализдер көбүрөөк чыкса болмок. Хиросима менен Нагасаки шаарларына атом бомбалары ташталганы да бир топ суроо жараткан, бирок ал окуялар жөнүндөгү сын материалдар согуш аяктап баратканда гана чыга баштады. Эгерде андай өзгөрүү мурда башталганда, прессадагы согушка карата сын мамиле күчтүүрөк болмок", - дейт Кузник.

Анын айтымында, андай жылуу мамиле Виетнам согушуна чейин сакталган. Президент Жон Кеннединин дагы журналисттер менен мамилеси өтө жакшы болчу, бирок ал өлтүрүлгөндөн кийин анын ордун баскан Линдон Жонсондун өкмөтү андай мамилени бузуп алган. Натыйжада Вашингтондун Виетнамдагы саясаты катуу сынга алына баштаган жана журналисттердин аракети менен коомдук маанай өзгөргөн.

Ошондуктан өкмөт азыр маалымат каражаттарынын Ирак согушуна карата мамилесин өзгөртүү үчүн кеңири аракет көрүп жатканын түшүнсө болот, ал жаңылык эмес, дейт профессор Кузник.
XS
SM
MD
LG