Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ АЛТЫНЧЫ КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРДҮ


1-ноябрда Бишкектеги опера жана балет театрында «Ата мекен» социалисттик партиясынын кезектеги алтынчы курултайы болду. Анда оппозициячыл күчтөр даярдап жаткан 2-ноябрдагы митингге «атамекенчилер» катыша тургандыгы айтылды. Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев азыркы бийликке ишеним жок деп баса белгиледи.

Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиев “конституциялык реформага барам” деп алты ирет убада берип, аткарбаганын, башкаруу системасын өзгөртүүнүн зарылдыгын айтып, "2-ноябрдагы митингдин талаптары калыс, туура талаптар" деп билдирди.

«Ата мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү 2005- жылы 24-марттагы болгон ыңкылаптан кийин өлкөдөгү абал оңолбогонун, учурдагы бийликке болгон нааразылык күчөп баратканын, Акаевдин тушундагыдай бир үйбүлөнүн, туугандардын үстөмдүгү орногонун, системаны жаңыртуунун зарылдыгын айтышты.

Партиянын Ош облустук уюмунун жетекчиси Мейилкан Эмилбаева "өлкөдөгү кырдаал курчуп турат, конституциялык реформа зарыл" дейт.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кенештин депутаты Болот Шерниязов өлкөдөгү коррупция күчөп, аны менен күрөшүүгө бийликтин дарамети жоктугун сынга алды.

Өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу сөз болуп, эң башкысы “атамекенчилердин» 2-ноябрда митингге катыша турган тартиби аныкталып, билдирүү кабыл алынды.

Курултайда Өмүрбек Текебаев кайрадан партиянын төрагасы болуп бир добуштан шайланды.

Курултайга Алатоонун жети облусунан жана Бишкек шаарынан төрт жүздөн ашуун делегат жана партиянын беш жүздөй мүчөлөрү катышты.

Партиянын курултайын куттуктап Социал- демократтар партиясынын лидери, “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев, “Ар- намыс” партиясынын төрагасы Эмил Алиев, “Асаба” партиясынын теңтөрагасы Азимбек Бекназаров жана “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов сөз сүйлөшүп, 2-ноябрдагы митингде бирге болуп, учурдагы бийликтин отставкасын талап кылалы дешти.

Курултайга Жогорку кеңештин жоон топ депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG