Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

2-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1860-жылдын 2-ноябрында кыргыз-кытай чекарасын тактаган Пекин кошумча келишимине кол коюлган. 1873-жылдын 2-ноябрында Кокон бийлигине каршы козголгон кыргыздардын хандыкка болгон мааанайын түшүндүргөн билдирүү жазылган.

1860-жылдын 2-ноябрында кыргыз-кытай чекарасын тактаган Пекин кошумча келишимине кол коюлган. Кошумча келишим 1858-жылкы Таньцзинь шаарында жетишилген келишимди толуктап, анда Монголиядан Кокон хандыгына чейинки чекара өткөн аймак аныкталган. Эки тарап тең чекара тилкесинин геогрфиялык принципке ылайык, т. а. тоо кыркаларынын багыты жана көлөмдүү суулардын агымына жараша аныкталышын жактырышкан. Анын натыйжасында, азыркы кыргыз-кытай чекарасы белгиленип, бөлүү иштери жүргүзүлө баштаган.

1862-жылдын күз айында орус аскерлери Пишпекти кокондук аскерлерден бошоткондон кийин, алар кыргыздар менен биргелешип мындагы чепти бузуп башташкан. Чеп дубалдары айрыкча калың салынгандыктан орус отрядынан 300, Байтик баатырдын 500 кишиси ар күнү тынбай эмгектенип, коргонуу дубалдарын бузуу аракетинде болушкан. Орус аскерлери буга чейин Пишпекти ээлеп, бирок туруктуу орун алган жери Верныйга кайтышканда, кокондуктар шаарды кайра басып алгандыгына байланыштуу, алар чепти тыптыйпыл талкалоону чечишкен.

Орус аскерлери кокондуктардан калган 200 пуд дары-дармекти жана өздөрүнүн 50 пуд күкүртүн бириктирип чепти жардырып жиберген. Коюлган милдет аткарылгандан кийин орус аскерлери 1862-жылдын 2-ноябрында Пишпектен чыгып, Верныйга багыт алышкан.

Хожент уездинин начальниги барон Н. Нольде, 1873-жылдын 2-ноябрында Сырдарыя областынын губернатору П. Эйлерге Кокон бийлигине каршы козголгон кыргыздардын хандыкка болгон мааанайын түшүндүргөн билдирүү жолдогон. Анын айтымында кыргыздар уезддик начальниктен ауденция алышып, Худаяр ханды жек көрө тургандыгын жана хандыкка каршы ачык көтөрүлүш чыгарышса, орус бийлиги кандай кабыл ала тургандыгын сурашкан. Уезддик начальник, кокондук бийликке каршы чыккан хандык кыргыздары өз билгендерин жасашы мүмкүн, бирок империяга кирген кыргыздар болсо коңшулардын ички ишине кийлигипейт, - деп жогорку бийлик өкүлүн ынандырган.

1911-жылдын 2-ноябрында Сарыбагыш волостунун башчысы Исамүдин Шабданов болуштук кызматтан бошотулган. И. Шабдановду кызматтан бошотуу буйругуна Жетисуу областынын губернатору Фольбаум кол коюп, ага бийликке ишенимсиз деген айып коюлган. Жетисуу областынын губернаторунун буйругу менен бош калган орунга Чамалган болуштугунан Мусахан Алтысбаев дайындалган.

1920-жылдын 2-ноябрында РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши Түркстан Республикасында пахтачылыкты калыбына келтирүү туурасындагы» Токтом чыгарган. Токтомго ылайык Орто Азия, анын ичинде Фергана өрөөнүндө пахтачылыкты жандандыруу маселеси каралган.

1925-жылдын 2-ноябрында Кыргыз обкомунун II партиялык конференциясы ишин баштады. Партиялык конференцияда Орто азия РКП (б) Борбордук комитетинде каралган документтер талкууланып, ревизиялык комиссиянын отчету угулган. Мындан тышкаары, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана «отузчулардын» арызынан улам жаралган партиялык абал сыяктуу маселелер талкууланган.

1937-жылдын 2-ноябрында Бүткүл кыргыз элдик чеберчилик олимпиадасы зор салтанат менен ачылды. Партия жетекчилеринин белгилөөсүндө, элдик чеберчиликке арналган олимпиада элдик маданият менен көркөм өнөргө бөлгөн партиялык саясаттын натыйжасы катары каралган. Асыресе, 30-жылдын башталышынан буга чейин уланып келген илимий иликтөөлөр жана этнографиялык экспедициялар калк арасынан элдик чыгармачылык мурасты жыйнап эле тим болбой, аны аткара турган талант өнөрпоздорун иргеп, маданият борборуна топтоого жетишкен.

Кыргыз обком ВКП (б) чечимине ылайык 1926-жылдын 2-ноябрында Фрунзе шаарында музыкалык-драма студиясы салтанат менен ачылды. Студия башында көпөс С. Мырзабаевдин үйүндө орун алып, 1930-жылы ал Кыргыз мамлекеттик музыкалык-драм театры болуп өзгөртүлгөн.

Бу күнү, б. з. ч. 69-жылы Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра, 1780-жылы француз библиографы Жак Шарль Брюне, 1815-жылы англис математиги Джордж Буль, 1922-жылы америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мелвин Шварц, 1929-жылы канадалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ричард Эдуард Тейлор жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG