Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

8:00 Бишкекте кылмыш дүйнөсүнүн төрөсү Камчы Көлбаевге кол салуу болду


Шаардык милициянын маалыматына караганда, кечээ кечки сегиздерде Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куйуучу жайда атышуу болгон. Бул жерге токтогон «Мерседес» унаасындагыларга артынан катуу келген автоунаадан түшкөн бети чүмбөттөлгөн белгисиз эки киши «Калашников» автоматынан ок чыгарган. Атылган октон дароо жан берген эки адамдын бири кылмыш дүйнөсүндө Боха Казарманский деген ат менен белгилүү Болот Самсалиев экени, экинчиси да кылмыш чөйрөсүндө Шрам деген ат менен таанымал Алмаз аттуу жигит экени белгилүү болду. Мындан сырткары «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев жаракат алып, ооруканага түшкөн. Милициянын оперативдүү тергөө тобу учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG