Сириянын Вашингтондогу элчилиги Ливан өкмөтүн кулатуу аракеттери жүрүп жатат деген АКШнын билдирүүсүн четке какты. АКШ Сирия, Иран жана “Хезболла” тобу Ливанда өкмөттү кулатуу пландарын иштеп чыгып жатат деп билдирген. Акүйдүн өкүлү Тони Сноу мындай бүтүмгө келгенге көп негиздер бар экенин айтып, бирок эч кандай фактыларды келтирген эмес.