Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТАЛКУУСУНАН (алгачкы сааттардан стенограмма)


Султан Урманаев: - Эми ушул телевизорду карап отурган кишилер деле түшүнбөй калды. Бул биздин мамлекет каякка баратат, кандай багыт менен баратат?.. Бирок биз кечээ кечинде сүйлөшкөнбүз. Урматтуу коллегалар, урматтуу президент, урматтуу өкмөт мүчөлөрү. Ушундай оюн башталып атканын биз кечээ эртең менен эле түшүнгөнбүз. Бирок эми бул оюн оюн менен. Бирок акыл жеңет экен деп биз кечке чейин отуруп, талкуулап, күтүп отурганбыз муну. Бүгүн эртең менен эл келсе, эми ушунча элди дүрбөткөн мындай айтканда, төрт-беш эле депутат эмес. Ошондуктан мен ойлойм, муну бөлүнүп-жарылып азыр отурбай, эгер президентти сыйласак, эгер албетте оюн болбосо албетте, өкмөттү сыйласак, ошол президент менен сүйлөшүп келген топторду сыйласак, өзүбүз жиберип коюп, анан эми ошону талкуулап коюп, кабыл алсак алалы, кабыл албасак анда дагы көрөлү.


Камчыбек Ташиев: - Урматтуу президент, урматтуу Марат Абдразакович, урматтуу коллегалар, урматтуу өкмөт мүчөлөрү, эми мен бул жерде баягы Акмат Кедибеков эң туура айтты, өзүмдүн шайлоочуларымын атынан дагы бир жолу кайрылып айтып коеюн силерге. Туура, биз былтыркы өткөн бийликтин жаңылыштыгын кайталап, элди, эл эмес бул толпа, элди эл эмес бул куча деп айтпайлы. Бул да эл. Бул митингге келген элдин баары эл. Аларды эл эмес дебейбиз, ал - эл. Биздин мамлекеттин жарандары. Бирок, урматтуу депутаттар, урматтуу коллегалар. Сиздер эле бирөөңөр бир жактан ультиматум коюп, кол топтойсуздар. Экинчиңер экинчи жактан ультиматумдарды коюп, кол топтоп мөөнөттөрдү коёсуңар. Эмне, биз президентти тупикке алып барып такашыбыз керекпи?
Эми болду эми, коркутушту койгула. Баардыгыбыз пешенебизге жазганды көрөбүз. Куда кааласа, өткөндө айткам - 3-ноябрь дагы болот. 30-ноябрь дагы болот. Кудай сактасын, эгер кандайдыр бир иш болуп кете турган болсо, биздин артыбыздан да сурап ала турган эл бар. Президенттин артынан да сурап ала турган эл бар, журт бар. Ошондуктан, келгиле, көп-көп бири-бирибизди коркута бербестен, элге жакшынакай түшүндүрүп айтып, бүгүн ызы-чууну кылбастан, президентке айталы, мына бетине айтып атабыз. Урматтуу президент, сиз Конституциянын долбоорун киргизиңиз деп атабыз. Президент киргизем деп атат. Анан биз буга мөөнөт коюп, алтысына чейин деп, эртең киргизесиң, бүгүн киргизесиң, жарым күндө кабыл алабыз деп. Ушундай деп аткан эки топко тең мен кошулбайм. Ошондуктан президентке ультиматум койбойлу. Урматтуу президент, сиз ушул депутаттардын айтканын угуп атасыз, ошондуктан тез аранын ичинде ультиматуму жок, эки күндө карайсызбы, он күндө карайсызбы, өзүңүз айтмакчы, 20-ноябрга чейин киргизиңиз. Анан биз ушул жерден талкуулап туруп анан кабыл алалы. Эгерде ультиматум коюп, бүгун бизди коркутсаңар, эртең дагы бирөө келип силерди коркутат. Мамлекетибиз кичинекей. Ынтымакта болуп, кыргыз элинин, кыргыз журтунун бөлүп албастан, мамлекетибиздин келечеги үчүн. Бүгүнкү бийликте отургандар да кетет. Эртең дагы башка жаңы бийлик келет. Өздөрүнүн өздөрүнүн убакыттары бар. Рахмат.

Марат Султанов: - Рахмат. Урматтуу депутаттар, мен регламентти окуп коеюн. Регламент боюнча 99-статьяда жазылган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин аппаратына катталууга тийиш, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасына берилет деп. Мен ал мыйзамды алган жокмун. Биринчиден. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы ал мыйзамды комитеттин кароосуна жиберет деп жазылган. Мен ал мыйзамды Жогорку Кеңештин комитетинин кароосуна жибере элекмин. Ошол жөнүндө болуп атат. Пожалуйста, бергиле. Комитетте каралсын, сөз жок. Анан кийин талкуулайлы. Ошол эле жөнүндө болуп атат сөз. Эч ким бул жерде Конституцияны карабайбыз деп айткан жок бул жерде. Карайлы деп атат, бирок регламентти сактап коелу деп атат бул жерде. Эми урматтуу депутаттар. Конституцияны кабыл алып атканда кийин регламентти сактап коелу. Пожалуйста, 38 депутат кол койгон мыйзам болсо бериңиздер. Мен комитетке жиберейин. Комитет бугүн түштөн кийин иштесин керек болсо. Же азыр деле тарап кетпей иштейли. Бирок комитеттен формалдуу турдо карап коелу. Болду ушул.

Болот Шерниязов: - Урматтуу төрага, урматтуу коллегалар. Ушуну менен 2-ноябрь тууралуу биз үч жолу Жогорку Кеңештин күн тартибине киргиздик. Экинчи жолу Курманбек Салиевич келип Жогорку Кеңеште өзүнүн сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин, ушул жерде отурган коллегаларыбыз айттыңыздар эле - оппозициянын өкүлдөрү барып, президент менен жолугуп, 2-ноябрды болтурбоого аракет кылалы деп эң негизги маселени көтөрүп чыккан Жогорку Кеңеш бугүн эмне болуп кетти. Марат абдразакович, кайсы оюнду баштап атабыз? Өзүбүз Жогорку Кеңеш суранып жибердик эле го. Ой, баргыла, көчөдө эмес, кабинетте чечели. Кыйкырык менен эмес, Жогорку Кенеште чечели деп. Барышты, сүйлөштү, силердин суроолоруңуздар менен, талабыңыздар менен. Анан бугүнкү болуп аткан сөз дагы башка бир сценарий пайда болду. Ошондуктан, Марат Абдразакович, эгерде ушул жолугуудан кийин, оппозициянын өкүлдөрү менен башкадан кийин президент кайта чыгып сүйлөсүн, кайта чыгып айтсын, эмне өзгөрүлдү, эмнеге макулбуз, кандай кылабыз, анан ушуга жараша биздин дагы сүйлөй турган, айта турган сөзүбүз бар. Анан өзү эле айтып кетпеди беле, Курманбек Салиевич алтын сарайда турган эшектер аркылуу, эгер кыйкырык менен үй сала алсак, эшектер эбак эле шаар салып коймок. Аны жакшы билебиз. Биринчи президентти угалы, анан ошого жараша өз оюбузду айталы.

XS
SM
MD
LG