Буга чейин оппозициялык лидерлер Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Роза Отунбаева, Мелис Эшимканов сүйлөшүп, бийликти кескин сынга алышты. Текебаев өз сөзүндө бул күндү тарыхый күн деп атап, бийликти бардык убадаларын аткарууга мажбур кылуу зарыл деп эсептеди. Митингдин атынан президент Бакиев менен премьер-министрди Феликс Куловду чакырып келүү үчүн депутат Мелис Эшимканов баштаган үч киши Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.