Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

17:05 Мелис Эшимканов: Биз боксерду, биз буканы шайлаган экенбиз...


Жогорку Кеңештин депутаты, "Реформа үчүн" кыймылдын мүчөсү Мелис Эшимкановдун митингде сүйлөгөн сөзү:

- Урматтуу мекендештер, биринчиден, бардыгыныздарга, бүгүн ушул жерде тургандарга мен чын жүрөгүмдөн ырахмат айтам. Өзү кызык элбиз да - "эшегине жараша тушагы". Ушундай кишини шайлаган экенбиз, бир жылдан беркисин карап турсам, мен боксермун дейт, мен букамын, дейт. Мурдагы күнү кирдик биз Бакиевге, ошондо президентке мен мындай деп айттым эң башында, Курманбек Салиевич, мурдагы күнү парламентке келгенде ушул жактагы 5-6 сокур саясатчыны алтын сарайга камап койсо дагы кыйкыра берген эшектерге салыштырдыңыз, дедим. Эми президенттин деңгээли ал эмес да андай сөздү айтканга. Экинчиден, мен айттым, бирок сиз китепти жакшы окубайт экенсиз дедим. Ал икаянын мааниси башкада эле - эшекти хан сарайга киргизип койсо дагы бакыра берет деген икая болчу, дедим.

XS
SM
MD
LG