Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “ТАНДЕМ ТАЗА КИШИЛЕРГЕ БИЙЛИКТИ ӨТКӨРҮП БЕРСИН!»


Урматтуу мекендештер! Биз 24-марттагынын экинчи этабы менен чогулуп отурабыз. Биз ошондо өтө ишенип алган экенбиз бир үй-бүлөлүк башкаруу бүттү, Кыргызстанда элдик бийлик болот деп. Бир жарым жылдан бери өзүңүздөр көрдүңүздөр, Акаев кеткени менен Акаевдин режими калган экен. Аны бүгүн Бакиевдин үй-бүлөлөрү башкарып келди. Кечээ биз барып сүйлөшкөндө, болду эртең чогулган элдин алдына барып, талабыңардын бардыгын аткардым деп, жаңы Конституцияны алып, элдин алдына кол коюп, майрамга айландырабыз деп кол берди эле.

Бирок бүгүн эртең менен бир түндө ал президент агабыз калпагы тескери болуп калыптыр. Биз ошондуктан экинчи жолу жаңылыштык кетирбешибиз керек, элди экиге бөлбөшүбүз керек. Биздин бир гана мамлекетибиз бар, барынан ыйык бул кыргыз улуту, Кыргызстандын эли, кыргыз мамлекети, ал бүгүн биздин колубузда турат. Арабызда мамлекетти бузайын деген, элди экиге бөлөйүн деген күчтөр бар, бирок биз жол бербешибиз керек урматтуу туугандар. Ошондуктан мен сиздерден бир нерсени гана өтүнөм, биз эми алданбай, ошол талаптарыбызды толук аткармайынча ушул жерге чогуу бир кишидей туруп, жеңишке жетип жеңдик деп туруп анан кетишибиз керек.

Ушул убакка чейин бир нече жолу талап кылдык, бир нече жолу митингге чыктык, бир нече жолу курултай өткөрдүк. Талаптарыбыздын баары окшош болчу. Бирок ушуга чейин биз эч убакта Бакиев-Кулов тандеми кетсин деп айткан жокпуз. 2-ноябрга чейин ушул талаптарды аткарбасаңар, анда өз ыктыярыңар менен элден кечирим сурап кеткиле деп гана айтканбыз. Мына бүгүнкүгө чейин шансы бар болчу, бирок түшүнүксүз себептер менен миңдеген элдин талабы, партиялардын, жарандык коомдун талаптары четке кагылып калды. Эми бизде бир эле маселе калды, эгерде ошол реформага барбаса ал экөө тең өз эрки менен кечирим сурап кетип, башка таза, колу таза, кекиртеги таза, уругум-тууганым деген эмес, түштүгүм-түндүгүм деген эмес таза кишилерге бийликти өткөрүп бериш керек.

(2-ноябрдагы митингиде сүйлөгөн сөзү)

XS
SM
MD
LG