Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

17:30 Роза Отунбаева: Бакиев дагы, Кулов дагы убадасын аткарышкан жок - кетишсин!


"Асаба" партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын митигде сүйлөгөн сөзү:

- Урматтуу калайык калк! Мен толкунданып турам. Эки жыл мурун ушул жерде турдук эле. Ошондо Сагынбек Момбековдун ыры акыркы жолу ырдалды деп ойлодум элде. Аттигиниң-ай! Мына кайта уурулар толуп алышты Ак үйгө. Ушул жерге келгенде бизди камагыла дегендер мына азыр бүгүн Бакиевдин кулагына шыбырап отурушат. Мына жанында жүргөн жан жоокерлердин баары бизге каршы чыгып, мобу жерде ак шапкечендерди даярдап тургандар ханын жеп жатышат. Ошол уурулар дагы деле энергетикада отурат. Темир жолдо дагы ошо кишилер отурат. Бакиев болсо Акаевдин креслосуна отуруп алып жактырып «ой, сонун экен бул майлуу жер» дейт. Мына - бир жылдын ичинде эле байып алайын деп алкымы тойбой отурат. Алмаз Атамбаевдин акылы жетпейт беле министр болуп отуруп алып бизнестеринин баарын эле иштеткенге.

Ак үйдө ошентип толгон-токой уурулардын баары ошол жерде отурат. Аталары Ак үйдө отурат. Балдарынын баары бизнести тегеректеп жатат. 23 миллион долларды уулу каяктан алыптыр. Мен айтып берейин сиздерге. Биз был мартта ушул жакка элди түштүк жактан алып келели дегенде К.Бакиев «менде тыйын жок" деген. Мен айткам, кокологом ошол жерде «Сиз лидерсиз, сиз алты миллион чыгарам дегенсиз. Эмнеге тыйын бербейсиз дегем» ошол жерден. Бир тыйын чыгарбайм деп ошол жерден чыгып кеткен. Мына азыр болсо баласы бир жылдын ичинде 23 миллионду тегеретип жатат. Үсөнов болсо Ак үйдө отурат. Баласы болсо аэропорту башкарып жатат. Темирбаев дегени Ак үйдө отурат. Баласы «Мегаком» деген компанияны тегеретип жатат.

Кагылайын калк, биз ошондо жаңылыптырбыз. Мына биз болсо түндүк-түштүк деп, эч качан элди бөлгөн жокпуз. Мына азыр болсо Бакиев жалаң эле түштүк эмес, өзүнүн гана туугандарын, өзүнүн жакын жек- жаатын кызматка коюп жатат. Биз түштүктөр келип, каптап, басып орундарды алды деп айткан жокпуз. Жалаң гана Бакиевдин туугандары жеп жатышат. Ошондуктан биз бир калкбыз. Биз бир элбиз. Түштүктөгү эл каякка барат эле? Биз баарыбыз кыргыз элбиз.

Урматтуу калайык калк! Бакиев эч бир сөзүн аткарбады. Кетсин!

Урматтуу калайык калк! Бакиевге жармашкан Феликс Кулов да убадасын аткарган жок. Ал дагы кетсин! Тандем качан эле мандем болгон. Соода бүттү. Кетсин экөө тең!

XS
SM
MD
LG