Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ АКШдагы АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 7-ноябрда АКШда боло турган парламенттик шайлоонун алдында өткөрүлгөн көпчүлүк элдик сурамжылоолор - ал шайлоодо Демократиялык партиянын кандидаттары утаарын көрсөтүүдө. Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк орун азыр Республикалык партиянын колунда, ошондуктан шайлоодон кийинки абал өзгөрүшү мүмкүн.

"Нью-Йорк таймс" гезити 2-ноябрда акыркы элдик сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялады. Аны "Нью-Йорк таймс" гезити, "Си-би-эс" сыналгысынын жаңылыктар кызматы жана "Тайм" журналы биргелешип өткөргөн. Сурамжылоо көрсөткөндөй, шайлоо жыйынтыгына Ирактагы согушка карата болгон коомдук пикир чечүүчү таасир тийгизе тургандай, президент Жорж Буштун Ирактагы аракеттерин болсо суралгандардын 29 гана пайызы колдогон, Ирак согушуна америкалык калк арасында болгон колдоо мурда мынчалык төмөн болгон эмес.

Жетимиш пайыз адам - согушту кантип аякташ керек экени боюнча президентте эч кандай план жок деп ишенет, суралгандардын 20 гана пайызы - согушта АКШ жеңишке жетишет деп жооп берген, үстүбүздөгү жылдын башында андай адамдардын саны 36 пайыз болчу.

Эки негизги партияга кирбеген көз карандысыз шайлоочулардын 50 пайызы демократтар үчүн добуш бере турганын билдирген, бийликтеги Республикалык партиянын талапкерлери үчүн болсо андай бейтарап шайлоочулардын 23 гана пайызы добуш берүүгө даярданууда. Бардык шайлоочуларды санап келгенде болсо, алардын 52 пайызы демократтарга жана 33 гана пайыз адам республикалыктарга добуш берет.

Бийликке демократтар келсе, Ирактагы америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылып кетет деп суралгандардын 75 пайызы айткан. Ирак согушун албастан, башка маселелерге кайрылганда дагы суралгандардын көпчүлүгү демократтарга көбүрөөк колдоо көрсөткөнү аныкталды. Алардын айтымында, эгер бийликте республикалыктар калса, террор коркунучу азыркыга караганда күчөйт. Бийлик алмашып, Конгресстеги көпчүлүк Демократиялык партияга өтсө, суралгандардын ишениминде, өлкөдөгү айлыктын эң төмөн деңгээли жогорулап, дары-дармектин өсүп бараткан баасы токтотулат жана АКШдагы салыктар жогорулатылат.

Жалпысынан алганда болсо президент Бушка эл арасында болгон колдоо анын бийлиги учурундагы эң төмөн деңгээлге - 34 пайызга чейин түштү, бирок ошондой эле көрсөткүч мындан үч апта мурда дагы болгон. Суралгандардын 56 пайызы - шайлоого катышып жаткан талапкерлерди президент колдогондо, аларга эл арасында болгон колдоо азаюуда деп билдирген, президенттин колдоосу элдик колдоону дагы көбөйтүп жатат деп 26 пайыз адам гана айткан.

Шайлоо алдында президент Буш менен президенттикке мурда талапкер болгон Жон Керри ортосунда чатак чыкты. Сенатор студенттер алдында сүйлөгөндө, эгер алар сабактарын жакшы окубаса, Ирактагыдай абалга кабылат деп билдирген. Буштун жардамчылары Керринин сөздөрүн - силер жакшы окубасаң, аскерге чакырылып, Иракка жөнөтүлөсүңөр деп айткандай чечмелеген жана Буш андан кечирим суроону талап кылды: "Америка Кошмо Штаттарынын аскерлери көптөгөн орчундуу кызмат кылууда, алар эрдикке барып жатат жана Массачусетс штатынан шайланган сенатор аскерлерден кечирим сураш керек", - деп билдирди президент.

Керринин айтымында, анын сөздөрү бийликке каршы гана багытталган жана ал Ирактагы саясат ийгиликке алып келбей жатканы тууралуу сүйлөгөн. Бирок абалды курчутпаш үчүн сенатор кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG