10:20 Жогорку кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Ф. Кулов менен мамлекеттик катчы оппозиция конституциялык бийликти кулатуу аракетин көрүп жатышат деп билдиришти. Алар оппозиция бийликти күч менен кулатууга көп акча жумшап жатканы, Талас, Кочкор, Балыкчы сыяктуу шаарларды басып алуу пландары бар экенин жарыя кылышып, аны далилдери жазылган кагаздарды депутаттарга таратып беришти. «Конституциялык түзүлүштү кыйратууга биз эч качан жол бербейбиз»,-деп билдирди Ф. Кулов.