«Реформа үчүн» кыймылынын штабы бүгүн парламент жыйынында бийлик жарыя кылган тасманы провокациялык максатта жасалган жасалма дискет деп билдиришти. Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Роза Отунбаева, Кабай Карабеков өңдүү оппозициячыл лидерлердин көз караштарында бул тасмадагы жазуулар чабыштырылып жасалган жана оппозиция лидерлерин бирден бөлүп камоо максатын көздөп жатат.