Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусия Грузияга газды кымбат баада сатканы жатат


Орусияда көгүлтүр отун боюнча өкмөттүк монополист «Газпром» компаниясы Грузияга сатылчу газдын баасын келерки жылдан баштап эки эседен көбүрөөк көтөрүүнү пландаштырып жатканын билдирди. Азырынча Грузия Орусияга ар бир миң куб.метр газ үчүн 110 доллар төлөп келатат. «Газпромдон» билдиришкендей, келерки жылдан тарта Грузия бир миң куб.метр газды 230 доллардан сатып ала баштайт. Бул – азырынча Орусия КМШ мамлекеттерине койгон эң кымбат баа. Азыр эки өлкө ортосунда алакалар өтө чыңалып турган мезгил. Газ боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү башталаары күтүлүүдө. Бул маселенин айланасында талкуулар бүгүн Брюсселде да өтөт. Ага Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров катышмакчы.

XS
SM
MD
LG