Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

КЫРГЫЗСТАН ДАГЫ ОТУЗ ЖЫЛ АРТКА КЕТЕБИ?


«В конце недели» гезити өтүп жаткан митингке айрым адамдардын пикирин сураганда, Кыргызстандын баш прокурору К.Коңгантиев, баары өз ордунда экенин, андыктан кабатыр болуунун кереги жоктугун, тышкы иштер министри А.Жекшенкулов, аянттагы тирешүү узакка дейре созула берсе өлкөнү дагы 30 жыл артка сүрүп таштарын эчкимиси ойлобой атканын, депутат Шин, бүгүн өз округундагы кары-картаңдарга чай берерин, депутат М.Эшимканов, бийлик тарап «Бител», «Фонекс», «Мегаком» байланыштарын өчүртүп коюшу ыктымалдыгын, ошондуктан «Кателге» өтүүгө кеңеш берерин, депутат О.Артыкбаев, оппозицияны колдоорун, ушинтип жашаганча өлүм артыктыгын, депутат К.Байболов, башмыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алганда эле маселе эбак чатакка жетпей чечилип калмагын, Бакиев парламентке убада кылган долбоору жок келип, эми кечеңдетүү жолою, соодалашуу жолоюна өткөнүн, Бишкек шаар башчысы А.Ногоев, шаар бийлиги тарабынан түзүлгөн элдик кошундар, кайгуул топтор түнү бою калк жашаган үйлөрдү, маанилүү деген имараттарды көзөмөлгө алып чыкканын, шаардын түнү демейдегидей эле тынч өткөнүн айтты.

«Кыргыз туусу» гезити, №37 Мырзаке шайлоо округунан аз жерден Алмамбет Матубраимов депутат болбой калганын, жакында Кыргызстандагы өзбек газынын бир кубу 5сом 40 тыйынга кымбаттаарын, илгери атактуу акын Байдылда агабыз
Көрүнгөн жерде таш жатат,Көптүгүнөн баш катат,-
деп жазгандай бул күндөрү Түштүк Кореядан келген өкүлдөр Суусамыр өрөөнүн түрө кыдырып таш чогултуп, келишим түзүп, таш сатып алып өз өлкөсүнө жөнөтүп жатканын жазган.

«Агым» гезитине Таластык акын Тургунбек Бекболотов:
- Ушул беле жазылганы маңдайга,
Жарымыбыз кайра тентип ар кайда.
Туу түбүнө туруп берер киши жок,
Өлкө бүгүн көйгөй менен айгайда,-деп жазды.

«Кыргыз руху» вице-премьер- министр Д.Үсөнов белгилүү орус ырчысы Алла Пугачеванын мурдагы күйөөсү Ф.Киркоровду Бишкекке келип ырдап кетүүгө чакырганын, депутат К.Ташиев сузактык бир адамды кызматтан неге алып түшөт деп Жогорку Кеңеште маселе койгонун, Бишкектин башмилийсасы Молдомуса Коңгантиев 40 миңден ашуун адам катышкан митингди 4 миңдей эле адам катышып жатат деп айтканын жазып келип, Акаев аялын башкара албаса, Бакиев баласын башкара албаса, анда өлкөнү ким башакарат деп суроо таштайт.

«Бишкек таймс» президент Бакиевдин бир тууган иниси, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Адылбек Бакиевден, өткөндө ММКларга Каракече чуусуна байланыштуу суракта жаткан Н.Мотуев, «ал учурда менин артымда Адыл Бакиев турган» деп айтып чыкты, сиз буга кандай дээр элеңиз деп суроо салганда ал, «Мен Мотуев менен өмүрү бетме-бет көрүшүп, сүйлөшүп көргөн жан эмесмин. Бул жалган жалаа. Ушул сөзү үчүн Мотуевди жана анын жалаасын текшербей туруп жарыя кылган гезиттерди сотко берем» деп жооп берди.

«Эркин тоо» гезити А.Акаевдин маселесин сессияга кайра коюп, кол тийбестигин алып, 5 күндүн ичинде Маскөөдөн апкелип, жоопко тартканда гана Аксы окуясы аягына чыгарын жазса, «Жаңы кылым» гезити УТРК баш деректири К.Молдокасымов нааразы болгон кызматкерлерине айлык акыңар жогорулайт дегенден кийин иш таштоого чыккан телеоператорлор иштерине кайта киришкенин, башдеректир орунбасары Б.Бекешов ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сураганын жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG