Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

13:25 Турсунбек Акун: Митингичилер Куловго катуу кыжырданышууда


Президент алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн Феликс Кулов кетсин деген талап митингде катуу коюла баштагандыгын “Азаттыкка” баса белгилеп айтты. Анын пикиринде, Кулов демилгечи болуп баштап, оппозициядагы депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүн парламентке угузушканына, демек, радио түз берүүсү аркылуу жалпы элге-журтка жеткиришкенине митингечилер катуу кыжырданууда. Оппозициядагы депутаттар да биздин артыбыздан түшүп, “слежка” кылып атат, бул адам укугун тебелегендик деп атышат. "Айткандары туура. Сыр сактоо деген болуш керек да. Кайтарылгыс кыжырдануу процесси жүрүп кетти. Аны эми кайруу да мүмкүн эмес. Мындан кийин акыбал өтө кыйын болот. Куловго карата алардын ачуулануусу күчөп кетти. Тандем отставкага! деп кыйкырып жатышат. Бул жакшылыкка алпарбайт”,- деди Турсунбек Акун.(KKu)

XS
SM
MD
LG