Митингдин катышуучулары Алатоо аянтында экинчи түндү өткөрүштү. Түн негизинен тынч өттү. Аянтка чоң-кичине болуп 100дөн ашуун чатыр, 4 боз үй тигилген. Түнөгөндөрдүн саны бир жарым миңдей экени айтылууда. Бишкекте жалпысынан кырдаал тынч. Өткөн түнү коомдук тартипти бузууга байланышкан эч кандай окуялар катталбаганын ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн да тастыкташты.