Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:32

ТАЛАСТА ОППОЗИЦИЯНЫ КОЛДОГОН МИТИНГ УЛАНУУДА


Таласта оппозиция облустук бийлик башчыларынан атайын бозүй тигиле турган жерге уруксат алышып, митингди улантууда. Бүгүн облус губернатору облустук мекеме, уюмдар жетекчилери менен азыркы кырдаалга байланыштуу жыйын өттү.

Таласта облустук администрациянын күн чыгыш жагында Бердике баатырдын айкелинин астында оппозиция тарап үч боз үй тигип, митингди улантууда. Митингге жүздөн ашык киши катышууда. Бийлик өкүлдөрү митинг өткөрүп жаткан атуулдарга жолду торобойсуңар, уруш-мушташ болбосун, биз тоскоолдук кылбайбыз, деп эки тарап сүйлөштү. Ал эми оппозиция митингде, биз облустук бийликтерди куубайбыз, алар өздөрү кетсин, учурунда Алмаз Атамбаев министрлик ордун тапшырып кетип калган:

- Атамбаев төрт ай мурун кызматынан кетип калган, министр кетип калган деген биринчи жолу болду. Себеби азыркы бийликтин кылып атканы мыйзамсыз. Бишкек шаар мэри өзүнүн убадасын берди дейт, мен эл мененмин деп. Мына биздин чогулганыбыз, көп күнгө созулган митингибиз элдин мүдөөсү качан аткарылат, ошондо тарайт, - деди “Ата Мекен” партиясынын Талас боюнча куратору Касый Райымбек уулу.

Бүгүн облустун губернатору азыркы кырдаал тууралуу облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жыйын өттү. Жыйында Жогорку Кеңештен дискетке жазылып алынган аудио жазманын стенограммасы таркатылды.

Облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков оппозициянын Таласта митинги өтүп жатканынын себебин, булар мага тийишсе Жалалабат да көтөрүлөт, андан соң Ош деп төмөнкүчө билдирди:

- Мен жалалабаттык болсом да намыстанып атам. Эмне үчүн Талас эли ушундай, алдаш оңойбу биздин элди, же ушунчалык эле ачкабызбы, миң сомго көчөгө чыккыдай. Адекватно булардын программасы боюнча булар мага тийшсе биринчи Жалалабаттан, Оштон чыгат деп атышат. Буларга ошондой чаң-тополоң керек.

Губернатор 2-ноябрь күнү Жалалабатка барып, облустун губернатору Искендер Айдаралиев менен жолугушканын айтты:

- Мен кечээ да барып Искендердин жанына балдарды дайындап коюп келгем, бир тал чачы башынан түшпөсүн, жанында жүрөсүң деп.

Уланбек Эсенгелди

XS
SM
MD
LG