Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

МИТИНГИЧИЛЕР МАКСАТЫНАН БАШ ТАРТЫШПАЙТ


Алатоо аянтында өтүп жаткан нааразылык митинги бүгүн дагы уланды. Эки миңге чукул киши президент менен премьер-министрдин отставкасын талап кылууну улантышууда. Түштөн кийин “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү жана аларды колдогон депутаттар, саясатчылар элдин алдына чыгып, сүйлөштү.

2-ноябрда башталган мөөнөтсүз митинг Алатоо аянтында бүгүн дагы уланды. Бул күнү эки миңге жакын киши чогулду. Түшкө чейин жер-жерлерден келген өкүлдөр чыгып сүйлөшүп, бийликке нааразылыгын билдирип жатышты. Митингди ырчылар коштоп турушту.

Түштөн кийин “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү келгенде митингдин расмий бөлүгү башталды. Кыймылдын мүчөлөрү митингдин катышуучуларын кырдаал менен тааныштырышты. Депутат Темир Сариев тасмада жазылган үндөр тууралуу башкы прокурорго жазган катын өкмөт башчы кайра чакырып алып жатканын билдирди:

-Башкы прокуратурага жиберген материалын кайра өкмөт чакыртып алып атат. Эми кылмыш ишин ошол мыйзамсыз иш кылган Куловго, ошол мыйзамсыз угуу уюштурган адамдарга козгош керек.

Ал эми Өмүрбек Текебаев бийлик кылмыш дүйнөсү менен аралашып, мамлекетте мыйзамдуулук жашабай калгандыгынан улам ушундай митингдер чыгып жатат деп айтты:

-Губернаторлор, министрлер соттун чечимин укпайт. “Мен турганда бул соттун чечими аткарылбайт” деп алар сыймыктануу менен айтышат. Мынакей мыйзамдуулуктун жоголгону. Биздин коом мыйзамга гана эмес, ыйманга, абийирге негизделиши керек деп биз айтып отурабыз. Биз кура турган жана сунуш кыла турган заман—ыймандын жана абийирдин заманы болушу керек.

“Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймактарында кыймылды колдогон адамдарга кысымдар болуп жаткандыгын кабарлады:

-“Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген акылман сөз бар элибизде. Алар биздин тилибизди кесүүгө аракет жасап жатышат.

Аянтта тогуз бозүй жана жүздөн ашуун чатыр тигилип турат. Митингдин миңге жакын катышуучулары үч-төрт күндөн бери ушул чатырларда жана боз үйлөрдө жашап жатышат. Уюштуруучулардын айтуусунда митингдин катышуучулары үч маал ысык тамак менен камсыз болушууда. Мындан тышкары аянтка биотуалеттер коюлган. Ал эми бурч-бурчта үйүлүп жаткан таштандылардын алынбай жатышына мэрия күнөөлүү деген сөзүн айтты “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев:

-Биз мэрияга эмне үчүн бардык? Биз ушул митингдегилердин шартын жана тазалыгын сактап бер деп барганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин аянт митингдин катышуучуларынын күчү менен гана шыпырылып, тазаланып келе жатат.

Төрт күндөн бери борбордук аянтта өтүп жаткан нааразылык митингинине бийлик тарап митингдин максаты—бийликти алууга жасалган аракет деген баа берип келе жатат. Вице-премьер-министр Данияр Үсөнов кечээ Улуттук телеканал аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө мындай пикирлерди дагы бекемдеди:

-Мен ойлойм: бул маселенин тамыры башка жакта. Сөз бийлик жөнүндө жүрүп жатат. Сөз бийликти алууга күрөшүүдө жатат. Конституциялык реформа, экономика жана башка тууралуу айтылган сөздөр жөн гана айтылган сөз, -деди Данияр Үсөнов.

Нааразылык митингинин катышуучулары КТР аркылуу бир жактуу, туура эмес маалыматтар дагы деле берилип жаткандыгына да нааразылыгын билдиришти. Алар кыймылдын мүчөлөрүнө түз эфир аркылуу чыгып сүйлөөгө убакыт берүүсүн, митинг жөнүндө маалыматтарды акыйкат чагылдырууну талап кылып, бүгүн кечке жуук КТРдин имаратына жөө жүрүш менен барышты. Бирок КТРдин алдындагы милиция оппозиция өкүлдөрүнө имаратка кирүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал эми КТРдин вице-президенти Бейшенбек Бекешов менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпады.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү жана аларды коштоп барган митингчилер эртең саат ондо дагы КТРге карай жөө жүрүш болорун эскертип, борбордук аянтка кайтып кетишти.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG