Президенттик орунду талашуу үчүн ырасмий каттоого алынгандар: Эмомали Рахмонов, Исмаил Талбаков, Амир Каракулов жана Абдухалим Гаффаров. Бирок анализчилер ал орунга биринчи талапкер келерин күн мурунтан айтышууда. Маселен көзкарандысыз анализчи Артур Улуняндын пикири ушундай. Анын себеби кийинки 14 жыл калыпка салынган режим оппозицияны баш көтөртпөй салган.
«Азыр Тажикстандагы башка париялар Эмомали Рахмоновдун жетекчилигине туруштук бергидей оппозиция же азыркы бийликке альтернатива болгудай күч уюштура алышрпайт. Буга байланыштуу айтарым, азыркы шайлоодо Рахмонов жеңери шек санатпайт, бирок ал Тажикстандын жеңиш болобу – бул чоң суроо», - дейт эксперт.
Андан аркы кебинде Тажикстанда мурдагы күчтүү кыймыл кийин партияга айланган «Исламдык кайра жаралуу» азыркы тушта алсырап турган чагы - анын таасири жокко эсе дейт.
Адам укугун коргоочулар айтымында Тажикстанда ички жагдайга ал өлкөдө оту жанып басылган атуулдук согуштун таасири өтө чоң. Анализчилер болжолунда ал согушта 150 миңге чукул киши курман болушкан. Ошондуктан согуштун илебин сезип калган калк саясаттан качып калган. Мындай ойду айтылуу адам укугун коргоочу Олег Панфилов айтат:
«Көптөгөн кишилер үчүн (Тажикстанда – ММ) азыр саясий күрөш кандайдыр бир атуулдук карама-каршы турууну туюнтуп калган. Ошондуктан элдер азыркы тушта саясий кармаштан көрө баарына чыдап бир гана ырааттулууктун орношун каалап калган», - деди Панфилов мырза «Азаттыктын» берген суроосуна жооп айтып атып.
Жоржтаун университетинин профессору Шон Робертс «Голос Америки» аркылуу айткан пикринде: «Казакстан менен Кыргызстандын өнүгүшү демократиялык жолго түшкөндүгү белгилүү болсо, Өзбекстан менен Түркмөнстан демократиядан артты карай кетчү жолду тандап алышты. Тажикстан кайсы тарапты карай бара тургандыгын тандашка кез келди. Ошол себептен алдыдагы шайлоо ал мамлекет үчүн сыноодон өтүү учур», - деген.
Муса Мураталиев, Маскөө