Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

САДДАМДЫ ДАРГА АСУУГА ӨКҮМ КЫЛЫНДЫ


Бүгүн Багдадда мурдагы ирак режиминин лидери Саддам Хусейнге карата сот өкүмү угузулду. Сот Саддамды адамзатка каршы кылмыш кылды деп таап, аны дарга асууга өкүм кылды. Саддам болсо сот залында “Жашасын Ирак эли! Душмандарга өлүм!” деп кыйкырды. Ирактын мурдагы мамлекет башчысы өзүнүн күрт тектүү мекендештерин кыргынга учураткан деп да айыпталууда, бирок бул доо боюнча сот өз ишин аяктай элек.

Бүгүн, жекшембиде (жетинин айынын 5инде), Багдад шаарынын Садр бөлүмүндөгү шийи тургундар Жогорку Соттун Саддам Хусейнге карата өкүмүн шаттануу менен тосуп алышты.

Бүгүн Ирактын Жогорку Соту узак убакыттан бери жүргүзүлүп келген сот жараянын жыйынтыктап, мурдагы өлкө лидери Саддам Хусейн жана анын алты жөкөрү 1982-жылы Дужайл шаарында 148 шийи мекендештерин жазыксыз жеринен өлтүрткөн деп тапты.

Сот маалыматына караганда, Саддам Хусейн жана анын режими бул шийи тургундарын Саддамга кол салууну уюштурууга аракеттенген деп санап, алардан ырайымсыз түрдө өч алууну чечкен жана өлтүрүлгөндөрдөн тышкары, жүздөгөн башка ирактыктарды да кыйноого алган.

Саддамдын өкүмгө карата мамилеси

Саддам Хусейн болсо сот Рауф Аби-р-Рахман ага карата өкүмдү окуп жаткан чакта “Алла улук!”, “Улуттун кас душмандарына өлүм!” деп кыйкырып жатты.

- Жашасын эл-журт! Жашасын улутубуз! Тыңчылар жоголсун! Баскынчылар жоголсун! Алла улук, Алла барынан улук! Жашасын эл-журт! Жашасын улут! Тыңчылар жоголсун! Баскынчылар жоголсун! Силерге наалат, сотко наалат!

Мурдагы Ирак мамлекет башчысынан тышкары, анын бир тууганы, чалгын кызматынын мурдагы башчысы Барзан Ибрагим ат-Тикрити, ошондой эле, Ирактын мурдагы Ыңкылапчыл Сотунун башкы соту Авад Ахмед ал-Бандер да дарга асууга өкүм кылынды.

Мурдагы өлкө вице-президенти Таха Йассин Рамадан болсо өмүр бою абакта отурууга өкүм кылынды.

Мурда өлкөнү башкарган Баас партиясынын үч ири төбөлү 15 жылдык мөөнөткө абакка кесилди.

Ал эми айыпталып жаткандардын бири – Мохаммед Азави Али мырза болсо ага карата коюлган доого далил жетишсиз болгондугу үчүн акталды.

Ирак бийлиги Багдадда жана ага коңшулаш аймактарда чукул кырдаал киргизип, коопсуздук чараларын күчөттү. Ирактын мурдагы режиминин колдоочуларынын басымдуу көпчүлүгүн ирактык суннийлер түзөт.

Айтмакчы, Саддам Хусейн ирактык күрттөргө каршы да кыргын уюштурган деп айыпталып келет. Бул доо боюнча сот жараяны алигиче улантылууда.

Дүйнө жүзүнүн сот өкүмүнө мамилеси

Дүйнө жүзүндө Саддамга карата өкүм тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. Алардын арасында сот өкүмүн кубаттаган пикирлер да, сот жазасы аркылуу АКШнын Ирактагы саясатын чүмбөттөө үчүн башкы күбөлөрдүн биринин көзүн тазалоо аракети жасалууда деген да пикирлер бар.

Бул сот өкүмү Кошмо Штаттардын Конгрессине шайлоонун алдында өтүп жатат. 7-ноябрга белгиленген шайлоо үчүн жүргөн өнөктүк маалында азыркы Ак Үйдүн оппоненттери Вашингтондун Ирактагы саясаты майнапсыз болуп калды деп сынга алып келишет.

АКШнын расмий өкүлдөрү Багдаддагы соттун өкүмүнүн чыгарылышынын Кошмо Штаттардагы шайлоонун ирегесиндеги өнөктүк кырдаалына эч кандай тийешеси жок деп билдиришти.

АКШ президенти Жорж Уокер Буш болсо бүгүнкү сот өкүмүн Ирактагы демократиялык жараян үчүн ири жеңиш катары баалады.

Британ Тышкы иштер катчысы Маргарет Бекет (Margaret Beckett) болсо Саддам Хусейн кылган иши үчүн адилет жаза алганын белгиледи.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Али Хосейни болсо Саддам Хусейнге бул да аздык кылат деген оюн айтты.

Кыргызстандыктар да бул окуяга бейкапар калган жок. “Азаттык” үчүн курган маегинде профессор, саясат таануучу Кусйин Исаев мындай деп айтты:

- Садддам Хусейн жаш чагынан баштап Ирак элинин жетекчиси болгон, өз элинин турмуш тиричилигин жакшыртууга аракет кылуу менен бирге, жетекчи катары, өз жериндеги мусулмандардын сунний жана шийи болуп бөлүнгөндүгүнүн натыйжасында, ошолордун кээ бирөөлөрүнүн кызыкчылыгын колдогон учуру болгон. Мамлекеттик (саясатта) ар кандай нерселер болушу мүмкүн эле. Америкалыктар Иракты басып алып, көп жылы өлкө жетекчиси болгон адамды түрмөгө салды. Аны ар кандай шылтоолор менен, - ошонун ичинде негиздүүсү да бардыр, - өлүмгө буюрганы, менимче, адамкерчиликсиз жорук. Деги эле, кайсы гана динде болбосун, жер жүзүнүн кайсы жеринде болбосун, адамды өлтүрүүгө карата болгон чечим – бул өзү адамга каршы чечим. Ошон үчүн бул өкүмдү мен жактырбайм.

Учурда Европа Биримдигинин президенттигин аркалап жаткан Финляндиянын бийлиги болсо Иракты өлүм жазасын жүзөгө ашырбоого чакырып, Евробиримдик өлүм жазасынын ар кандай түрүнө каршы экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG