Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

АКШнын аскерий басылмалары Рамсфелддин отставкасын талап кылышууда


Американын аскерий төрт басылмасы коргоо министри Доналд Рамсфелддин кыматтан кетүүсүн талап кылууда. “Army Times”, “Navy Times”, “Air Force Times” жана “Marine Corps Times” басылмаларынын бүгүн жарык көрчү сандарында Пентагондун башчысы аскерий күчтөрдүн жана коомчулуктун ишениминен чыкканы тууралуу макалалар жаряланат. Гезит редакцияларынын айтымында, макалалардын 7-ноябрда өтө турган Конгресске шайлоого эч кандай тиешеси жок. Өткөн аптада Буш анын президенттик мөөнөтү аяктамайынча Рамсфелд коргоо министри болуп кала беришин кааларын билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG