Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

МАДАНИЙ ОКУЯЛАРДЫН АФИШАСЫ


Бул жумада улуттук филармонияда “Ак марал” бий ансамбли концерт берет. Концерттин программасында көрүүчүлөргө ансамблдин репертуарындагы кыргыз бийлери менен катар түрдүү улуттун бийлери тартууланат.

10-ноябрда республикалык күзгү сүрөт көргөзмөсү өтөт. Эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү бул иш-чарада 200дөн ашуун сүрөтчүнүн живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү, бедисчилердин эмгектери жана чеберлердин колунан жаралган буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

12-ноябрдан тартып, 16-ноябрга чейин “Тунгуч” тамаша театры “Тамашакөйлөрдүн айылында” аттуу программасын тартуулайт. Улуттук филармонияда өтүүчү бул кече туурасында концерттин режиссеру Эгемберди Чалабаев мындай деди.

-Айылда эмне гана кызыктар болбойт. Ар бирөөңүздөр өз айылыңыздарды эстеп көрсөңүздөр. Айылдын шоопуру, милиционери,трактористи, ушакчылары бар. Мына ошолордун кичинекей көз ирмемдеги тамаша жашооосу. Ушундай жылмаюу менен ушул тамашаны тандап алганбыз.

Бул жумада ошондой эле “Кыз-Бурак” продюссердик борбору жаш эстрада ырчыларынын жана өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын жеке концертин тартуулайт. Тактап айтканда 9-10-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Жылдын мыкты ыры” номинациясын аныктоо максатында уюштурулуп жаткан жаш ырчылардын концерти өтөт. КРнын эмгек сиңирген артисти Кыз-Бурак тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында бул концертте ырчыларга “Кыз-Бурак” продюссердик борборунун белектери тапшырылат. Аталган продюсердик борбордун дагы бир уюштуруп жаткан концерти бул-өзбек ырчысы Юлдуз Юсманованын жеке концерти. Бул концерт тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова мындай деди.

-Мен өзүм Ташкентке барып сүйлөшүп келдим. Юлдуз Усманова Кыргызcтанга концерт бергенди аябай дилгирленип күтөт. Сөзсүз барып, концертимди сонун кылып өткөрүп келем деп айтты. Мурдагыдан өзгөчөөрөөк кылып, бий тобун, жана музыканттарын алып келе жатат. Жалпысынан он жети адамдын келиши күтүлүүдө. Билеттин баасы 500-600 сом болот.

Эки элдин ортосундагы маданий карым-катышты, ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан өзбек ырчысынын концерти 11-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG