Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

САДДАМ ХУСЕЙН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН АЛДЫ


Саддам Хусейндин өлүм жазасына өкүм кылынганына дүйнө лидерлери өз мамилелерин билдирип жатышат. Соттун бүтүмүн ирак өкмөтү өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүү багытындагы кадам катары баалады. Бирок европалык көп өлкөлөр, укук коргоочу уюмдар Багдадды өкүмдү ишке ашыруудан баш тартууга чакырышууда.

Өкүм жекшемби күнү угузулган эле. Сот Саддам Хусейнди адамзатка каршы кылмыш жасаган деп тапты жана өлүм жазасына өкүм кылды. Өкүмгө ылайык, Саддам дарга асылууга тийиш. Ошол эле учурда Саддамга өкүмгө даттанганга да укук берилди. Бул процесс бир нече аптага созулушу мүмкүн.

Өкүмдү алгачкылардан болуп АКШ президенти Жорж Буш комментариялады жана аны эркин, адилет жана бирдиктүү коомго жетүү жолундагы Ирактын маанилүү жетишкендиги деп атады. Буш ошону менен бирге мыйзам улуктук кылган жана жарандардын бардык укуктары корголгон коом куруу үчүн Иракка дагы көп иштерди жасоого туура келерин да кошумчалады.

Саддамга чыгарылган өкүмдү Британия, Австралия лидерлери да колдошту. Тони Блэр Иракта демократиялык ыкмалар менен биргелешип жаңы коом курууга жол ачылганын, Австралиянын премьери Жон Ховард демократияга бараткан тайгак жолдо Иракта үлкөн окуя юолгонун белгилешти.

Өкүмгө ирак өкмөтүнүн премьери Нури ал-Маликинин да коомуту толду. Муну менен мурдагы режим башчысына гана эмес,өткөндөгү кара түнөк заманга да өкүм чыгарылды, деп айтты ал. Дал ушул мааниде ал сот процессин Ирактын тарыхындагы өнөгөсүз иш таризинде баалады.

Ал эми Ирак президенти Жалал Талабани өкүмдү анчейин колдогон жок. Саддамды ал өмүр бою түрмөдө отурушу керек деп эсептейт. Соттун өкүмүн бардык процедуралардан соң президент тастыктоого тийиш.

Европалык бир катар өлкөлөр,алардын ичинде Франция, Испания жана Италия жетекчилери өлүм жазасына принциптүү түрдө каршы экенин билдиришип, Багдад бийликтерин өкүмдү ишке ашыруудан баш тартууга чакырышты. Бул чакырыкка Евросоюздун ушу таптагы төрагасы Финляндия,Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиары Луиза Арбур да кошулушту. Ал эми абройлуу укук коргоочу уюмдар,айрыкча Amnesty International жана Human Rights Watch сот процессин сынга алышты жана анын калыс,адилет болбогондугун, ошондуктан аны үлгү кылып көрсөтүү натуура экенин белгилешти. “Нью-Йорк таймс” гезити өзүнүн редакциялык макаласында өкүмдү айыптап,ага кошо президент Жорж Буштун соттун чечимин зомбулуктан демократияга бараткан жолдогу Ирактагы маанилүү окуя катары баалаган сөзүн аша кеткен кеп деп сынга алды.

Саддамдын өлүм жазасына өкүм кылынганын ирак шейиттери менен күрттөр шатыра-шатман түшүп кабыл алышты. Ал эми сүннүлөр сот чечимин айыпташты. Бакубада алар аламан жыйынга чыгып,эки киши полициянын огунан мерт болду.

Коңшулаш өлкөлөр да өкүмгө ала-кула мамилелерин билдирип жатышат. Иранда,мисалы, бир катар гезиттер “Диктаторго сыйыртмак”, “Шаңданган Ирак” сыяктуу баш темалар менен чыгышты. Ал эми Иорданиядагы “Ал-Арабия” гезити өкүм Ирактагы мусулман мазаптары арасындагы аразды күчөтөрүн эскертти.

Саддам Хусейн өзү болсо баштатан эле дарга асылгандан көрө аскери киши иретинде атылып өлгөндү артык көрөрүн айтып келген эле.

XS
SM
MD
LG