АКШда бүгүн өтчү Конгресске шайлоонун алдында республикачылар жана демократтар шайлоочуларды өз тарабына тартуу үчүн акыркы аракеттерин көрүшүүдө. Өкүлдөр палатасында 435 орунга жана сенаттагы 33 орунга конгрессмендер кайра шайланат. Демократтар Конгерсстин эки палатасына тең кайрадан үстөмдүк алууга аракеттенүүдө жана республикачыларды Иракка байланыштуу туура эмес саясат жүргүзүп жатат деп күнөөлөшүүдө. Ал эми республикачылардын айтымында,эгерде демократтар жеңишке ээ болсо, америкалык аскерлерди Ирактан токтоосуз алып чыгып кетишет.