Жоокерлердин жанына келип бомбаны жарган палестин жанкечти аял өзү мерт кетти, бир аскер жарадар болду. Ошол эле күнү Газа тилкесинде израил аба соккусунан үч палестин каза болду. Алардын арасында өспүрүм бала бар экени маалымдалды. Израилде террорчулукка каршы операция башталгандан тартып, бир жума аралыгында 50дөн ашуун палестин жана бир израил аскери каза болду.