Бир катар депутаттар Уюштуруу жыйыны канчалык мыйзамдуу деген суроо коюшууда. Эгер анын мыйзамдуулугу жөнүндө чечим кабыл алынса, Уюштуруу жыйыны иштеп чыккан Конституцияны колдоп кол кое турганын айтышууда. Жыйынды алып барып жаткан Кубатбек Байболов менен Өмүрбек Текебаев Уюштуруу жыйыны иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоорун колдоого алууга чакырып жатышат. Бүгүн таңга чейин жаңы Конституцияны колдоп 36 депутат кол койгону айтылган. Ошол эле учурда Конституцияны колдоп жатышканы жөнүндө кырк депутат билдирүү жасашкан.