Кыргыз өкмөтү парламентте түн ичинде түзүлгөн Уюштуруу жыйынын мыйзамсыз деп белгилеп, ошол себептүү анын чечимдерин таптакыр тааныбай турганы жөнүндө билдирүү таратты. Кыргыз өкмөтү калкты провокацияга берилбей сак турууга чакырган жана Уюштуруу жыйынына кирген депутаттардын аракетин бийликти антиконституциялык жол менен басып алуу жөнүндө ачыктан ачык эле ниет деп айыптаган.