Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

БАТКЕНДИ ДА МИТИНГ ЭПИДЕМИЯСЫ БАСТЫ


7-ноябрь күнү Баткен облусунун шаарлары жана район борборлорунда президент Бакиевди жактаган жана оппозицияга каршы митингдер өттү. Ошондой эле антимитингдерди уюштуруу демилгесин өз мойнуна алган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын облустук бөлүмүнүн мүчөлөрү, жыйын болгон жерде парламентти таркатуу үчүн кол топтоолорду жүргүзүүдө.

Баткен шаарында 7-ноябрь күнү өткөн антимитингди уюштурууну “Жаңы Кыргызстан” партиясынын облустук жана райондук бөлүмдөрү колго алышты.
Алар шаардын борборуна сахна орнотуп президент Бакиевди колдоого алгандардын жана оппозицияга каршы адамдардын арасында жарыш сөз уюштурушту.

Чыгып сүйлөгөндөр элге тынчтык керектигин, оппозициячыл депутаттардын даректерине сын пикирлерди жана президенттин кылып жаткан иштери тууралуу айтышты.

“Жаны Кыргызстан” саясий партиясынын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Тыныбек Сейитов, чогулгандарга парламетти таркатуу үчүн кол топтоолор жүргүзүлүп жатканын маалым кылды:

- Баарыңар көрүп алгыла биздин жазгандырыбызды. Бишкектеги оппозиция өкүлдөрү, какпаштар, билип алышсын! Биздин арабызда оппозиция жок! Анан да бүгүндөн баштап парламентти таркатуу үчүн Баткенде кол топтоолорду баштайбыз!

Ушундай чакырыгын “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Тыныбек Сейитов айтты.

Баткен шаарындагы митингге жүзгө чукул адам катышып, түшкө чейин уланды. Андан соң уюштуруучулар шаардын борборуна улуттук телеканалдын үнүн катуу чыгарып коюп, ошол жерде парламентти таркатуу үчүн кол топтоону улантышты.

Президенттин таламын талашкан ушундай акциялар облустун башка чоң шаарларында жана район борборлорунда да өттү.

Ошол эле учурда азыркы оппозицияны колдогондор да “Азаттыка” өзүлөрүнүн ой пикирин билдиришти. Бирок, алардын көпчүлүгү эгер интервью беришсе коомчулук тарабынан куугунтукка алынаарын тынчсызданып айтышты.

- Оппозициянын коюп жаткан талаптары туура деп ойлойм. Баткендеги мамлекеттик ишканалардагылар деле оппозицияны колдошот. Алар коркушат. Эгер өз ойлорун айтыша турган болсо алардын айлыгын кыркып, же ишин алып коюшу мүмкүн. Анан да Баткенде азыр «Азаттык» да тартпайт. КТР толук көрсөтпөйт. Баткен эли али уктап жатат, деди өзүн Айжамал деп тааныштырган баткендик аял.

Сабыр Абдумомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG