Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

КЕҢЕШ КУЛМАТОВ: ЭЛИБИЗ АМАН БОЛУП, ТЫНЧТЫК БОЛСО ЭКЕН


Бишкекте өөрчүп аткан ички саясий жагдай алыста жашап аткан мекендештерди беймаза кылып атканы дайын болууда. Алардын бири кийинки учурда Москвада жашап аткан мурдагы советтик Кыргызстан кезинде борбордук комитетте катчы болуп турган Кеңеш Кулматов болду. Аны менен кабарчыбыз Муса Мураталиев маектешкен.

- Бишкекте пайда болгон кырдаал Сизге кандай ой жаратып атат?

- Азыр бир неме деп айтыш кыйын. Бир жыйынтыкка келе албай коюшту. Көңүлдү абдан оорутту. Тилегеним эле - жаман жагына барып, бая өткөндөгү кайталанбаса экен. Ок атылып, эл таланып, эл бири-бирине душман болуп калбаса болду. Баарыбыз кыргызбыз…

- Мырза, Сиздин үнүңүздү угуп аткан Бишкектеги жаат талашта турушкандарга эмне деген кеп-кеңеш айтар элеңиз?

- Абал оор. Мындай жасагыла деп ой айтыш кыйын болуп калды. Эмне дегенде мен ал жерде болуп аткан жагдайды толук билбеймин. Бир гана элдин ынтымагын кетирбей, кан төгүлбөй, жамандыкка барбай, кандай чечишсе да саясий жол менен чечишкенде жакшы болот эле.

Бирин-бири түшүнбөй атып убакытты кетирип алышты. Мурдакүнү жагдай башка болучу. Элдин ынтымагы үчүн кээ бир нерселерден кечип, бөлүшүп, карашып, момундай кылсак момундай болот экен деп эле чечип коюшса жакшы болот эле. Мен, ал тургай ойлоп атамын, жер-жерлердеги эл эмне болуп атат? Мунун барынаа таасирденүү болуп атат да. Ушу элибизди бөлүп албасак болду. Кичине оорураак болуп калды го. Азыр жагдайга алдын ала пикир айтуу кыйын.

- Жыйын алдында сүйлөнгөндөр оозуна келгенин айтып жиберип атышат…

- Мындайда боло берет. Бирөө мындай дейт, экинчиси андай дейт. Оюндагысын айтат, оюндагысын жасайт. Ошол, ойлонбой жасалган нерсе жалпы ынтымакка зыян келтирип атат. Андан сырткары мурунку айтканын кийин башкача айтып карманган жолунан чыгып аны которуп ийген кээ бир саясатчылар болуп атат. Дегинкиси мындайга барбашыбыз керек эле. Ойлогон оюбуз баары эле эми тынччылык болуп, элибиз аман болсо экенде калды.




Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG