Парламент үйүнүн жанында өтүп жаткан митингичилерге Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттеринин колонналары келип кошулду. Алар Кыргыз улуттук университеттин, Бишкек гуманитардык университетинин, Медакадемиянын студенттери болуп чыкты. Студенттердин айрымдары аларды атайы жетекчилик буйрук менен уюштуруп айдап келгенин айтып жатышат. Булардан сырткары митингде бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери топ-топ болуп катышууда.