Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

ЖАЛАЛАБАТТА ОППОЗИЦИЯНЫ А. АКАЕВ МЕНЕН КОШО КАМООНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


8-ноябрда Жалалабатта тандемди колдогон митинг улантылды. Облбийлик имаратынын алдындагы аянтка жыйналгандар оппозициянын иш-аракетин айыптап, депутаттарды чакыртып алууну, алардын кол тийбестигин жоюуну жана парламентти таркатуу маселесин көтөрүштү. Айрым адамдар президент К.Бакиев конституциялык реформа жүргүзөм деген убадасын аткарбай, ишти создуктурган үчүн ушундай кырдаал түзүлдү дешти.

Митингде «Бакиев-Кулов» тандемин колдоо чакырыктары кайра-кайра жаңырды. Сүйлөгөндөр Бакиевдин президенттик мөөнөтүн аягына чейин иштөөсүн, мамлекетти башкаруу ыкмасын референдум аркылуу тандап алуу, Конституциянын долбоорун элдик добушка коюну талап кылышты.

Жалалабат мамлекеттик университетинин ректору Абдумаматкадыр Ашыралиев парламентти референдум аркылуу таркатуу маселесин көтөрдү:

- Элди бөлүп жарган Жогорку Кеңештин кереги барбы? Таркасын. Бул маселени референдумга коюп тез аранын ичинде чечиш керек. Бүт Кыргызстандын элинин башын айландырыш үчүн КТРди коомдук телевидение кылабыз деп атат. Мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн мамлекеттик теле болуш керек. КТРден колун тартсын.

Бүсара Сагынбаева депутаттардын кол тийбестигин жоюу, аларды чакыртып алуу жагын сунуш кылды:

- Текебаевди, Эшимкановду, Бекназаровду, Сариевди камаш керек. Закондун чегинде жооп берсин.

“Эрк» партиясынан Медер Үсөнов бийликти эмес, ыңкылаптын жетишкендиктерин коргоо маселесин козгоду: - Биз Бакиевди, Куловду колдойбуз деп топтолгонубуз жок. Биз бул жерге топтолгондор былтыр 24-мартта бийликке келген, өзүбүз шайлап алган адамдарды колдойбуз деп топтолуп отурабыз.

Губернатор Искендер Айдаралиев да сөзгө чыгып, буга чейин антимитингдерди өткөрүү тууралуу түшкөн кайрылууларга жооп бербегенин билдирди. Мындан ары облуста мөөнөтсүз митинг өткөрүлө бере турган болду: - Бишкек шаарынын борборундагы элдер тынчымайынча биз Жалалабат шаарында митингди уланта бермекчибиз. Биз дагы мөөнөтсүз митинг кылып, өз ой-пикирибизди айтууга акыбыз бар.

Сузактын акими Жусупбек Максүталиев оппозицияга каршы борбордо өтүп жаткан митингге катышканы Бишкекке барчуларга тоскоолдук болбойт деп жарыялады.

Облустагы өнөрпоздор ырдашып, элдин черин жазып турушту. Элге тамаша курган куудул Жамбул Камчиев оппозициянын иш-аракетин контрреволюция менен салыштырып, өлкөдөгү дүрбөлөңгө экс-президент А.Акаевдин тиешеси бар экенин айтты:

- Акаевдин үй-бүлөсү камалмайынча ушундай боло берет. Тез арада Акаевди камаш керек дагы, анын үй-бүлөсүн изолировать этип, анын куйруктары Бабановго окшогондорду сурака алыш керек.

Оппозицияга каршы митингди жергиликтүү бийлик уюштурду. “Ар-намыс” партиясынын өкүлү Зулпукар Кадыркуловдун оюнда студенттерди окуудан, кызматкерлердин жумушунан алаксытып, митинг уюштуруу туура эмес: - Мен үч айдын ичинде Конституцияны кабыл алып берем деген. Ошону кылыш керек эле. Ушул убака чейин созгону туура эмес. Элди козгоп атышат. Митингди оппозиция гана кылган жок, мына акимдер, айыл өкмөттөр элди топтоп атат, бекер автобустарды берип атат. Эл тынч үйүндө отурат эле, эмне кереги бар эле.

Ноокен районунан Акыбай Сооронбаев парламентти таркатуу оюн колдобойт: - Азыркы күндүн чындыгы парламентти таркатпаш керек. Элдин баары саясатчы болуп калды. Эгер таркатса талаш тартыш болуп, элдин ичинде карама-каршылык башталат.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG