Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

«ЖУРНАЛИСТ»: БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧКА КЕПТЕЛДИ


Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалы 24-март окуясына чейинки жана андан кийинки абалга караганда кыйла төмөндөп кетти. Бүгүн Медиа институттун өкүлчүлүгү менен "Журналист" коомдук бирикмеси ушундай билдирүү жасашты. Коомдук уюмдар ошондой эле журналисттерди курч окуяларды кылдат, калыс чагылдырууга, бийликти, күч органдарын, митинг уюштуруучуларды журналисттердин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

Нааразылык акциялары башталган 2-ноябрдан бери «Журналист» коомдук бирикмеси жүргүзгөн байкоолорго караганда Кыргызстандын калкы ар тараптуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты. Салыштырмалуу Бишкек шаарынын тургундары үчүн ар тараптуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү аздыр-көптүр бар. Ошондой болсо да маалымат каражаттарынын эки жээк болуп, бири өңчөй бийликти, экинчи тарабы өңчөй оппозицияны колдоп чыгышы маалыматка муктаж адамдардын эле укугуна шек келтирбестен, басма сөз эркиндигин коркунучка кириптер кылууда. Мындай пикирин "Медиа институт" өкүлчүлүгү коомдук фондунун башчысы Илим Карыпбеков билдирди:

- Эгер 24-мартка чейинки жана кийинки деп бөлө турган болсок, бул өңүттө азыр тескерисинче артка кетти. Кандайдыр бир деңгээлде маалымат каражаттарына чектөө, кысым күчөп, Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине коркунуч келүүдө. 24-марттагы жагдай так өзүндөй кайталанып атат. Оппозициялык каналдар же мамлекетти жактаган телеканалдан айырмаланган каналдар тосмолонуп атат.

Жарандык уюмдар мындай көрүнүштү НТС телеканалына жасалган тоскоолдуктар менен байланыштырды. «Журналист» уюмунун башчысы Марат Токоевдин айтымында, мамлекеттик телерадиоканалдын кызматкерлери маалымат саясатына каршылык билдирип жатышат:

- Бир саат мурдагы маалымат боюнча 6-ноябрда мамлекеттик телеканалдын бир топ кызматкери бир тараптуу маалымат берүүнү токтотууну сурап, К ТРдин башчысы Кыяс Молдокасымовго кат менен кайрылышкан. Эртеси оозеки кайрылышкан. Мындай маалымат саясатына каршылыгын билдирип элүү кызматкер жазуу жүзүндө «Агым» гезитине кайрылуу берип жатышканын телефон аркылуу кабарлашты.

"Журналист" коомдук бирикмесинин иликтөөсүнө караганда, өлкөдөгү акыркы курч окуяларды чагылдырууда журналисттер көптөгөн жабыркоолорго кириптер болушууда. Маселен, КТР телеканал директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов «Реформа үчүн» кыймылы уюштурган митингде токмок жеген. Бул факт боюнча Ленин райондук ички иштер кызматы кылмыш козгоду. НТС каналы «Маалымат каражаттарын» бузду деген негиз менен Октябрь райондук прокуратурасынан эскертүү алды. 24kg агенттигинин кабарчысы Наргиза Юлдашевага бийликти жактап митингге чыккандар запкы көрсөтүшкөн, бирок, тартип коргоо кызматтары арачалаган эмес. Муну кийлигишпөө тууралуу жетекчиликтин буйргу менен байланыштырган.

«Пирамида» телеканалынын аткаруучу редактору Турат Бектенов түн ичинде таяк жеген. Аскер кийимчен адам АКИпресс агенттигинин кабарчысынын колунан фотоаппаратын талашкан. Аль-Жазира телекомпаниясынын кабарчысы чөнтөк телефонун уурдаткан.

Ушул өңдүү фактыларга таянган коомдук уюмдар журналисттерди курч окуяларды кылдат, калыс чагылдырууга, бийликти, күч органдарын, митинг уюштуруучуларды журналисттердин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды. Журналисттердин укуктарын коргоочулар бийликтин журналисттерге жасаган байма-бай эскертүүлөрү журналисттерди, маалымат каражаттарын өзүн-өзү цензуралоого алып келип, бул өз кезегинде Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин чектейт.

Интерньюс агенттигинин иликтөөсүнө караганда Кыргызстанда 900 чамалаш маалымат каражаты каттоодо турат. Алардын үчтөн бир бөлүгү гана күжүрмөн ишмердүүлүгүн көрсөтүп келатат.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG