Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

23:45 Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын кол чабуулар менен кабыл алды


«Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда каттоодон өткөн 68 депутаттын 67, экинчи окууда 65 колдоп добуш берди. Депутаттар жаңы Конституцияны кабыл алуудан президент да, парламент да, эл да утту деген пикирлерин билдиришти. Депутат Арсланбек Малиев өзүнүн сунуштары эсепке алынбай калганын белгилеп, бирок ал сунуштарын кайтарып аларын билдирди. Депутат Камчыбек Ташиев Конституцияны парламентте кабыл албай референдум аркылуу кабыл алууга кесиптештерин чакырды. Бирок, калган депутаттар бул сунушка көнүшкөн жок.

XS
SM
MD
LG