Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЕВРОПА БИРИМДИГИ ОРТОСУНДА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ


Өзбекстандын тышкы иштер министри 8-ноябрда Брюссел шаарында Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолукту. Сүйлөшүүлөр - Анжиян окуяларынан кийин Биримдик менен Ташкен ортосунда бузулган мамилелерди оңдоо маселесине арналды.

Европа Биримдигинде азыр Финляндия төрагалык кылууда жана өзбек тышкы иштер министри Владимир Норов 8-ноябрда Брюсселде Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Пертти Торстила жана башка жетекчилер менен жолукту.

Былтыр май айында Анжиян шаарында болгон окуяларды Европа Биримдиги эл аралык деңгээлде тергеп чыгууну талап кылган, бирок Ташкен аны четке каккандыктан, тараптар ортосундагы мамиле бузулган жана Өзбекстанга каршы былтыр октябрда санкциялар да жарыяланган.

Брюссел шаарында Норов - Анжияндагы окуялар террордук аракет болгону тууралуу далилдер көп экени жөнүндө дагы бир жолу айтты жана бул маселе боюнча биргелешкен эксперттер тобун түзүүнү сунуш кылды. "2005-жылдын май айында Анжиянда кылмыш жасалган. Өзбекстандын мыйзамдары боюнча жана эл аралык нормаларга ылайык дагы ал - алдын ала даярдалган террордук аракет болгон, ал конституциялык түзүлүшкө, адамдардын өмүрү, ден соолугу, коопсуздугуна каршы багытталган кылмыш болгон. Өзбек тартип коргоо уюмдары окуяларды терең изилдеп-иликтеп чыгып, ушундай жыйынтыкка келди", - деди министр.

Анткен менен Торстилла - бул окуялар тууралуу башка да маалыматтар бар экени жөнүндө жана алар Ташкен чыгарган жыйынтыкка каршы келип жатканы тууралуу айтты. Эми эксперттер тобун түзүү маселеси Биримдикке кирген 25 мамлекеттин элчилеринин 9-ноябрда Брюсселде өтө турган жыйынында талкууланат, чечим болсо - 13-ноябрда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынууга тийиш.

Ташкенге каршы жарыяланган санкциялар дагы жеңилдетилиши мүмкүн. Былтыр октябрда Европа Биримдиги Өзбекстандын 12 жогорку жетекчисине Батыш мамлекеттерине келүүгө виза бербөөнү жана Ташкенге курал сатууга чектөө салууну чечкен. Андан тышкары Биримдик менен Өзбекстан ортосундагы кызматташуу келишими токтотулуп, саясий деңгээлдеги байланыштар үзүлгөн.

1-январдан тартып Биримдиктеги төрагалык Алманияга өтөт жана Берлиндин айтымында¸ өзбек жетекчилиги менен акырындап кызматташа берген жакшы болот, анткени Ташкенге баары бир өтө деле көп курал сатылбагандыктан, андай чектөөнүн мааниси деле жок. Андан тышкары, айрым эксперттердин пикиринде, табигый газ сатып алууда Биримдик Орусиядан башка булак табууга аракеттенип жатат.

Дагы бир себеп - андай чектөө Биримдик тарабынан салынганы менен, ага мүчө болуп кирген мамлекеттер баары бир Өзбекстан менен эки тараптуу кызматташууну улантууда, ошондуктан чектөөлөр дээрлик маанисиз. Министр Норов 8-ноябрда Брюсселде сүйлөгөндө дагы - санкциялар кимге көбүрөөк зыян тийгизип жатканы али белгисиз деп айтты.

Өзбекстанга каршы салынган чектөөлөрдү алып салуу же аларды жеңилдетүү маселеси дагы 13-ноябрда боло турган жыйында чечилүүгө тийиш. Алманиянын турумуна каршы Улуу Британия, Нидерланд жана түндүк европалык мамлекеттер каршы чыгууда. Биримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морелдин айтымында, Анжиян окуялары боюнча Европа мамлекеттери катуу турумда.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG