БИШКЕК. "Демократия жана атуулдук" коом үчүн коалициянын башчысы Эдил Байсаловдун "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, бүгүн майрамдык митинг бүткөндөн кийин боз үйлөр чечилет, эл болсо үй-үйлөрүнө тарашат. "Калган талаптарды биз тынч жол менен коюуну уланта беребиз", - деди Эдил Байсалов.