Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ИШЕНБАЙ АБДРАЗАКОВ: ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА БОЛГОНГО АЗЫР ЭРТЕРЭЭК, БИРОК АГА ШАРТ ТҮЗҮЛӨ БАШТАДЫ


Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынган окуя боюнча өлкөнүн мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдразаков «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

- Оболу биринчи кезекте жаран катары өлкөнүн жаңы Конституциясынын кабыл алынышы менен куттуктай кетели. Кандай дейсиз, Кыргызстан эми жаңы Конституцияда каралган өзгөрүүлөргө бышып жетилген шарт келдиби, муну тарыхый бурулуш деп айта алабызбы?

- Кандай болгондо дагы бул азыркы чыңалып турган акыбалды түз жолго алып барыш үчүн өбөлгө түздү деп айтууга негиз бар, биринчиден. Экинчиден, бул Конституциядагы жаңы өзгөрүүлөр мурдагы укуктардын баарын бир адамдын колуна берип койгон суперпрезиденттик Конституциядан башка жагына өтүп атат. Бул өзү жакшы жышаан. Менимче, буга каршы болгондор да болду, бирок негизинен ушул Конституция эгерде жакшы иштеп кетсе, анда жаңы реформалар үчүн бир топ шарт түзүлөт деген ойдобуз. Эң негизгиси, Конституция эң маанилүү документ болуп эсептелинет. Ошону менен бирге жакшы Конституцияда иштеген өлкөлөрдө деле Конституциянын өзү аткарылбай, ошондо коюлган шарттар жакшы аткарылбай, негизинен жалпылап айтканда, мыйзам аткарылбай турган учурлар да болот. Мына ошондон биз кооптонуп, мындан ары мыйзамдын үстөмдүгү деген түшүнүк боюнча жашасак, эгерде ушунун бардыгын жогорку бийликтегилерден баштап катардагы жарандарга чейин жакшы түшүнүп, биздин өлкөнүн келечеги кандай учур болгондо дагы мыйзамга жараша болуш керек деген сезим пайда боло баштаса, ошондо менимче ишибиз оңоло баштайт деп мен өзүмчө ишенем.

- Жаңы Конституция кабыл алынды, бирок анын негизинде жаңы саясий маданият, саясий институттарды калыптандыруу үчүн али көп иш керек да?

Албетте, биринчиден, башында айтып кеткендей, Конституция жөн эле мындай турган пайдубал. Ошонун негизинде кандай болот. Мына бизде чечилбей жаткан көп маселелер бар. Бийлик бутактарында тең салмактуулук пайда болуп, бири-бирин көзөмөлдөп калган бул өбөлгө болот. Ошону менен бирге саясий маданият, укуктук сезим, укуктук маданият эң негизги чечүү шарттар ушулар. Бизде ушул жагынан законду кармоо, саясий маданият жаңыдан калыптанып келаткан учурда, ар кандай окуялар мыйзамды сыйлоо деген сезим дароо коомчулукта, жамаатта сиңип кетет деп айтыш кыйын. Бирок ошого бардыгыбыз аракет кылсак жакынкы келечекте бир бурулуш болуп кетиши мүмкүн.

- Жаңы Конституция боюнча өлкөдө башкаруунун аралаш системасы, бирок парламенттик башкарууга көбүрөк ыктайт деген пикирлер айтылууда. Ал эми таза парламенттик башкарууга өтүү жагы дагы бир 15-20 жылдын маселеси го?

- Бир топ саясатчылар айтып атат азыр эле өтүп кетсек болот эле парламенттик системага деп. Менин оюмча, биздин жакынкы тарыхыбыз көрсөтүп атат, азыркы акыбал да көрсөтүп атат, парламенттик системага өтүп кетиш бизге азыр эртерээк. Бирок, ошого өтүп кетиш үчүн акырындап шарт түзүлүп келатат. Жаңы Конституция боюнча эле шайлоо системасы өзгөрсө, аткаруу бийлиги менен парламенттин ортосундагы байланыш да башкача түрдө баратпайбы. Эгерде ушул жагы ийгиликтүү болсо, 10-15 жылда өтүп кетсе болот. Бирок бул ар бир бийлик бутагынын жоопкерчилиги. Сот реформасы жатат, мындан ары кандай болот, бул дагы азырынча белгисиз. Ошондон кийин гана мыйзамдын үстөмдүгү болот деп айтууга оозубуз барат. Азырынча аны айтыш эрте. Бирок ошондой болсо дагы Конституциянын, мыйзамдын иштеп кетишине аракетибизди кылсак, анда 10 жылдын ичинде парламенттик система болуп кетээр деп болжолдосок болот .

XS
SM
MD
LG